Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:49

Кен иштетүүчү ишканалар мындан ары эл үчүн ачык болот


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү кен иштетүүчү ишканалардын ишмердүүлүгүн ачык кылуу чаралары жөнүндөгү токтомду кабыл алды. Мындай маалымат бүгүн өкмөттүн басма сөз кызматынан алынды. Ал маалыматка караганда токтом акыйкат башкаруу саясатын ишке ашыруу, кен иштетүүчү ишканалардын ишмердүүлүгүн ачыкка чыгаруу жана аларга инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максаты менен кабылданды. Токтомго ылайык кен иштетүүчү ишканалардын ачыктыгын жогорулатууга багытталган иш-чаралардын планы бекитилип, аны ишке ашыруу боюнча атайын комитет уюштурулду. Андан тышкары бул комитетке ар кандай кеңештерди берип туруучу кеңеш да түзүлдү.

XS
SM
MD
LG