Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:23

О.Ибраимов М.Ашыркуловдун кадамы тууралуу пикирин билдирди


БИШКЕК. Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Осмонакун Ибраимов «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикмесинин түзүлүшүнө байланыштуу «Слово Кыргызстана» гезитине берген интервьюсунда аны «саясат айланасындагы ботко» деп атады. Анын айтымында, атуулдук бирикменин түзүлүшү жарыя кылынган маалымат жыйыны анын күлкүсүн келтиргендиктен, ага «балдардын бул аракети укмуштай бир жалган оюн жана тамаша болуп калыптыр» деп баа берген. Андан тышкары Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркуловдун атуулдук бирикмени башкарып кетишине байланыштуу берген суроого «мунун баары Сулайман тоосундай байыркы, байыркы чыккынчылык жана чыккынчылыктын тарыхы», «ошондуктан "президенттин командасында жарака пайда болуп алсызданды" деген ой туура эмес» деп жооп берген.

Ал эми «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикмесинин мүчөсү, мыйзамчы депутат Өмүрбек Текебаев "Азаттыкка" бирикменин түзүлүшүн бийликтегилер да, оппозициядагылар да кызгануу менен кабыл алып жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, алардын ушундай баа бериши мыйзамченемдүү көрүнүш.

«Адилет шайлоо үчүн» атуулдук кошууну 19-майда түзүлгөн. Аны Коопсуздук кеңештин катчысы Мисир Ашыркулов, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров, Марат Султанов, Социал-демократиялык партиянын төрагасы Алмаз Атамбаев, «Эл» партиясынын төрагасы Мелис Эшимканов, «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев түзүшкөн. Кошуундун координациялык кеңеши да түптөлүп, анын төрагалыгына Мисир Ашыркулов, орун басарлыгына Адахан Мадумаров менен Марат Султанов дайындалган. М.Ашыркулов кошуундун максаты катары - алдыдагы шайлоолорду адилет өткөрүү экенин билдирген.

24-майда президент А.Акаевдин жарлыгы менен М.Ашыркулов кызматтан алынган.

XS
SM
MD
LG