Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:32

КЕРРИ ПРЕЗИДЕНТ БУШТУ СЫНГА АЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага 2-ноябрда АКШда президенттик шайлоо өткөрүлөт. Анда азыркы президент Жорж Буштун негизги атаандашы катары Демократиялык партиянын атынан Жон Керри аталышы күтүлүүдө. 27- жана 28-май күндөрү Керри үч башка жыйында президент Буштун тышкы саясатын катуу сынга алды.

Ирак согушундагы акыркы окуялар менен байланыштуу президент Жорж Бушка америкалыктардын колдоосу акыркы апталарда бир топ төмөн түштү жана ал азыр 50 пайыздан ылдый. Анткен менен анын атаандашы Жон Керринин рейтинги деле өтө жогору эмес жана эки саясатчы азыр тең абалда десе болот.

Ошондуктан элдик колдоого ээ болуш үчүн Керри өзүнүн шайлоо өнөктүгүн бир кыйла жандантууга мажбур. Бирок азыркы учурдагы дүйнөдөгү эки негизги маселе - Ирак жана Жакынкы Чыгыштагы абал боюнча Буш менен Керринин көз караштары жалпысынан бирдей.

Ошол себептен Керри президентке каршы айтылган сынында АКШнын тышкы саясатын тандады жана анда кетирилген кемчиликтердин негизинде Буш жетектеген өкмөттүн аракеттери акыр-аягында өлкөнүн коопсуздугуна да зыян тийгизүүдө деген жыйынтык чыгарды. 27-май күнү Керри Сиэтл калаасында, 28инде болсо Висконсин штатындагы Грин Бэй шаарында жана ошол эле күнү кечинде Вашингтондо чыгып сүйлөдү.

Анын айтымында, Ирак маселесин чечүүдө өкмөт бардык мүмкүн болгон дипломатиялык чараларды көрүүгө тийиш болчу жана дүйнөлүк башка дөөлөттөр дагы ошону сунуштаган. Бирок президент Буш Иракка каршы өз алдынча согуш баштап, аны менен бир топ европалык жана башка өлкөлөр менен мамилесин бузуп алды. Андан АКШнын жалпы коопсуздугу чыңалгандын ордуна азыр зыян тартууда:

- Эгер башка тилектеш өлкөлөрдөн президент Буш жаңы колдоо ала албаса, мындай тышкы саясаттын кесепеттерин биз ылдам эле сезебиз - дүйнө бириккендин ордуна бөлүнөт. Биздин аскерлер мындан да жогору коркунучка дуушар болот. Ирактагы максаттарга биз жетпей калышыбыз мүмкүн жана акыр-аягында биздин өлкөнүн коопсуздугу начарлайт.

Керринин айтымында, эгер ал президент болуп шайланса, бардык күчүн төрт негизги маселени чечүүгө жумшайт. Биринчиден, башка мамлекеттер менен бузулган мамилелерди оңдош керек. Экинчиден, армияны реформалап, аны - жаңы шарттарда аракеттенүүгө ылайыкташтырган абзел. Үчүнчүдөн, дипломатиялык, чалгындоо жана экономикалык чараларды айкаштырып, аларды кара күч колдонуудан өйдө коюу зарыл жана төртүнчүдөн, Жакынкы Чыгыштын мунайына АКШнын болгон көз карандылыгын жок кылууга тийиш.

Анткен менен президент Буштун жардамчыларынын бири Стив Шмидтин пикиринде, Керринин сыны жөн гана куру сөз. Анын айтымында, Керринин кечээ күнү айткан сөзү бүгүнкүсүнө каршы келет. Мисал үчүн, 2003-жылдын башында Конгрессте Ирак маселеси талкууланганда, Керри согуш баштоо үчүн добуш берген. Андан кийин болсо, Ирактагы аракеттер үчүн президент Буш Конгресстен кошумча 87 миллиард доллар сураганда, Керри ал каражатты бөлүүгө каршы кол көтөргөн. Иракта согушуп жаткан аскерлерге жардам көрсөтүүгө каршы чыккан Керри, - дейт Шмидт, - маселени чечүү үчүн аракеттенбестен, жөн гана саясий оюн ойнойт.

Керринин айтымында болсо, эгер АКШ жетекчилиги өзүнүн азыркы саясатын өжөрлүк менен уланта берсе, анын арты жаман бүтүшү мүмкүн:

- Жүргүзүлүп жаткан саясаттын багытын кармоо өтө маанилүү. Бирок туура эмес багытты кармануу - күчтүн белгиси эмес, ал жөн гана көктүк жана акыр-аягында өлкөнү дагы, дүйнөнү дагы алсыратат.

Керри сүйлөгөн жыйындарга жүздөгөн америкалыктар катышып, анын сөздөрүн кубаттоо менен кабыл алды.

XS
SM
MD
LG