Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:20

Салык кодексининин жаңы редакциясы даярдалууда


БИШКЕК. Бүгүн Каржы министрлигинде Салык кодексинин жаңы редакциясын даярдоого арналган маалымат жыйыны болду. Анда кодекстин жаңы редакциясын даярдоо боюнча комиссиянын өкүлдөрү, Каржы министрлигинин жетекчилери кодексти жаңылоо боюнча комиссияга түшүп жаткан сунуштар тууралуу маалымат беришти. Алардын айтымында, Салык кодексинин жаңы редакциясына ушул кезге чейин миңден ашык сунуш-пикир түштү. Сунуштардын ар кылдыгына байланыштуу аны даярдоонун мөөнөтү ушул жылдын 31-августуна чейин узартылды. Комиссия өкүлдөрүнүн билдирүүсү боюнча, жаңы редакция кабыл алынса ал Кыргызстандын жакынкы он жылдагы фискалдык конституциясы болуп калат. Анткени ага салык алуунун милдеттери, аныктамалары, калыстыгы, бирдиги, инвесторлор үчүн салык режиминин туруктуулугу, салык жана башка жыйымдар жөнүндөгү мыйзамдын ачыктыгы деген жаңы принциптер киргизилүүдө.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG