Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:39

Майыптар маселеси боюнча эл аралык форум өткөрүлөт


БИШКЕК. 3-июнда Бишкектеги «Пинара» мейманканасында өлкөдөгү майып адамдардын көйгөйлүү маселелерин талкуулаган эл аралык форум өткөрүлөт. Жыйынга бийлик, бейөкмөт, саясий партиялардын өкүлдөрү катышып, майыптар менен көзмө-көз пикир алышуу болот. Форумдун соңунда майыптарга ар түрдүү көмөк көрсөтүү боюнча сунуш, пикирлер иштелип чыгат. Мындай иш чара Жапониянын эл аралык кызматташтык боюнча агенттиги тарабынан уюштурулууда. Форумга ошондой эле Азия, Тынч океан аймагындагы майыптар маселелерине арналган эл аралык борбордун өкүлү Топонг Кульханчи катышып, сөз сүйлөйт.

XS
SM
MD
LG