Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:49

ООГАНСТАНДА ШАЙЛОО ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМ КАБЫЛ АЛЫНДЫ


Сапар Орозбаков, Прага Быйыл сентябрь айында Ооганстанда президенттик жана парламенттик шайлоо өткөрүү белгиленип жатат. Буга байланыштуу Ооганстандын убактылуу президенти Хамид Карзай шайлоо жөнүндө мыйзамга кол койду. Аналитиктер ал мыйзамдын демократиялуу шайлоо өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берээрин айтышат. Бирок алар өлкөдөгү, өзгөчө түштүктөгү жана чыгыштагы Кабулга баш ийбеген куралчан күчтөр шайлоонун эркин өткөрүлүшүнө тоскоолдук кылышы мүмкүн экендигин белгилешет.

Ооганстандын жаңы кабыл алынган шайлоо жөнүндө мыйзамына ылйык жашы 18ге жеткен адамдардын баары шайлоого жана шайланууга укуктуу. Муну өлкөнүн юстиция министри Абдул Рахим Карими баса белгиледи:

- Мыйзам ар бир оогандык адамга шайлоого жана шайланууга укук берет.

Абдул Рахим Карими жаңы мыйзамды “эркин, жалпы, жашыруун жана түздөн түз добуш берүү” деп мүнөздөдү.

Мыйзам боюнча шайлоо өнөктүгү 30 күнгө созулат. Ал добуш берүүгө 48 саат калганда аяктоого тийиш. Президентке же парламентке кандидатурасын койгон өкмөт адамдары шайлоого 75 күн калганда кызматын тапшырып берүүлөрү керек. Шайлоодо добуштардын көпчүлүгүн алган кандидат жеңди деп эсептелет. Аналитиктер бул мыйзам өлкөдө демократиялуу шайлоо өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бере турган мыйзам экендигин белгилешет:

- Элдин шайлоого катышуу шарттары Ооганстан үчүн болуп көрбөгөндөй. Мурда бийликтегилер шайлоону каалаганындай өткөрө беришчү. Анын шарттары шайлоо сайын өзгөртүлө берген,
- дейт Германиядагы Ахен (Achen) университетинин профессору Дедфа Сепанта(Dadfar Sepanta).

Бирок шайлоо жөнүндө мыйзам даяр болгону менен, Ооганстандагы саясий кырдаал дагы эле туруктуу эмес. Бириккен улуттар уюмунун Ооганстандагы миссиясынын жетекчиси Жан Арноулттун (Jean Arnault) билдиришинче, өлкөдө дагы эле болуп жаткан террорчулдук, бөлүнүүчүлүк жана кылмыштуулук шайлоонун эркин өткөрүлүшүнө коркунуч туудурушу мүмкүн. Ал эл аралык куралдуу күчтөр шайлонуунун өткөрүлүшүн катуу көзөмөлгө албаса, шайлоонун ийгиликтүү болушуна күмөнү бар экендигин билдирет. Жан Арноулт өкмөт куралчан отряддарды куралсыздандырууну өтө эле кечиктирип жаткандыгын белгилейт.

Британиядагы “Эл аралык амнисития уюму” да өзүнүн жылдык отчетунда Ооганстанды “акырындап баш аламандыкка кирип бараткан өлкө” катары көрсөтөт.

Сепанта өлкөдөгү абалдын туруктуу эмес экендигине байланыштуу июнь айына белгиленген шайлоо болбой калып, артка жылдырылгандыгын эскертет. Дедфа Сепанта:

- Ооганстандагы башкы маселе жалаң эле мыйзамдын жоктугу эмес. Албетте мыйзам да маанилүү маселе. Бирок негизги маселе – өлкөнүн түштүгүндө жана чыгышында болуп жаткан согуш жана жаңжал. Жер-жерлерде куралдуу согушчандардын болушу – шайлоого эң негизги тоскоолдуктардын бири болуп эсептелет.

Талибдердин жана жергиликтүү куралчан отряддарынын чабуулдарынан улам, акыркы айларда өлкөнүн түштүгүндө абал курчуп кетти. Алар шайлоочуларды шайлоого катышпагыла деп коркутушууда. Май айында миллионго жакын адам каттоодон өткөн менен, шайлоого катышуучулардын саны дагы эле аз. 10 миллион элдин 2 миллион 600 миңи гана шайлоого катыша тургандыгын билдиришти.

Рейтер маалымат агенттиги Ооганстандын президенти Хамид Карзай түндүктүн таасирлүү адамдары - Гераттын губернатору Исмаил Хан жана командачы жана диний ишмер Абдул Рабб Расул Сайяф менен тил табышканын айтып чыкты. Рейтердин билдиришинче, алар өкмөт башчынын орду берилсе, президенттикке кандидатура көрсөтпөйбүз деп убада беришкен. Бул сүйлөшүүлөр тууралуу “Эл аралык кризистик топ” аттуу уюмдун эксперти Викрем Парех буларды билдирди:

- Сүйлөшүүлөр бул жерде көп айларга созулду. Ал ийгиликтүү аяктады деген имиш кептер бар. Менин оюмча, сүйлөшүүгө катышкандардын баары сүйлөшүү борбор менен болуп жатканын мойнуна алышты. Кадыр-барктуу адамдардын көпчүлүгү – Исмаил Хан, генерал Достум жана башка көптөгөн адамдар азыр Кабулда. Алардын бул жерге чогулуусунун башка себептери да бар. Алардын бири - куралсыздандыруу маселеси. Мен иш ийгиликтүү аяктады деп айтыш эрте болобу деп ойлойм.

Ооганстандын ички иштер министрлиги шайлоо жөнүндө мыйзамга түшүндүрмө жазып, аны губернаторлорго жана коопсуздук күчтөрдүн өкүлдөрүнө таратты. Анда шайлоого мамлекеттик каражаттарды пайдаланууга тыюу салынары, ошондой эле курал менен коркутуп, шайлоочуларды тиги же бу адамга добуш берүүгө мажбурлоого жол берилбестиги айтылат.

XS
SM
MD
LG