Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:09

Тышкы иштер министрлиги айылга жардам бере баштады


БИШКЕК. Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтери менен Башкы консулдуктары Тышкы иштер министрлиги көз салган айылдардагы мектеп окуучуларын каникул маалында өздөрү иштеген өлкөлөргө саякаттатып келүү маселесин иликтеп жатат. Мындай маалыматты Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы таратты. Ал маалыматка караганда, министрлик өкмөттүн тоолуу райондордогу айылдарга көз салуу жөнүндөгү буйругунун негизинде Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр айыл өкмөтүнө үч жылдан бери көз салып келет. Анын негизинде министрликтин иммиграциялык фондунун директору Мелис Байсымаков жетектеген топ өткөн жумада Суусамыр айыл өкмөтүнүн тургундарына гуманитардык жардам жеткирди. Эми Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги топтогон жардам жеткирилип, айыл тургундарына компьютер, эмерек жана башка товарлар берилет.

XS
SM
MD
LG