Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

Ирактын жаңы дайындалган президенти өлкөгө толук суверенитет берүүгө чакырды


Бүткүл өлкөнүн калкы коопсуздук кеңешинин резолюциясына ылайык толук кемелдеги суверенитет алууну каалайт жана өз мекенин эркин, көз карандысыз, демократиялык жана федералдык негизде бириктирип, кайра курууга умтулат, деп айтты Гази ал-Йавер. Ирак өкмөтүнүн премьери Ияд Аллави отуз беш жылдык диктатурадан кийин өлкө АКШ жетектеген коалициялык күчтөрдүн аркасында азаттык алгандыгын белгилеп, эми ирактыктар суверенитетке, демократияга умтулуп, өткөөл өкмөт түзгөнүн билдирди. ООНдун атайын өкүлү Лахдар Брахими жаңы президентти жана премьерди, өткөөл өкмөттүн бардык мүчөлөрүн куттуктап, алардын ишине ийгиликтерди каалады.

XS
SM
MD
LG