Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:09

АКШнын элчилиги жардам берди


БИШКЕК. Бүгүн АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигине 4 чана, 5 вездеход тартуулады. Жардамдын жалпы суммасы 65 миң 367 доллар. Ал массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтпоо, чек ара коопсуздугун бекемдөө жана жашыруун товарларды өткөрбөөгө багытталган «Чек аралардын коопсуздугу жана экспортко көзөмөл» деген программанын алкагында берилди.

Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министри Темирбек Акматалиевдин айтымында, вездеходдор түштүктөгү облустарга берилет. Чаналар болсо тоолуу райондордо куткаруу иштеринде колдонулат.

АКШнын элчилиги буга чейин да табигый кырсыктар болгон учурларда пайдаланылуучу жалпы баасы 74 миң долларлык жабдууларды берген. Анын жарымы Аксуу шаарчасындагы куткаруучуларды даярдоо борборуна, жарымы Оштогу батальонго тийген.

XS
SM
MD
LG