Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:14

Тажик парламенти өлүм жазасына мораторий киргизүүнү колдоду


Бул максатта даярдалган мыйзамды бүгүн парламенттин төмөнкү палатасы бир добуштан кабыл алды. Документти эми президент кол койгонго чейин парламенттин жогорку палатасы жактырышы керек. Мыйзамда түрмө жазасынын эң жогорку чеги катары 25 жыл көргөзүлгөн. Өлүм жазасын колдонууга мораторий киргизүү сунушун тажик президенти Эмомали Рахмонов алгач быйыл 30-апрелдеги жылдык кайрылуусунда билдирген эле. Ал эми тажик мыйзамдарына былтыр киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, өлүм жазасы берилүүчү кылмыштардын саны15тен 5ге түшүрүлүп, ал аялдар менен жашы жете элек өспүрүмдөргө карата колдонулбай турган болгон.

XS
SM
MD
LG