Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:41

ЫСЫККӨЛ ФОРУМУНДА ЖАЛПЫ АДАМЗАТ БААЛУУЛУКТАРЫ ТАЛКУУЛАНАТ


«ХХI кылымдагы Евразия – маданияттардын диологубу же цивилизациялардын кагылышуусубу?» аттуу эл аралык конференция 10-11-июнда Кыргызстанда өткөнү жатат. Форумду цивилизациялар ортосундагы мамилелерге байланыштуу Бириккен Улуттар Уюму мындан үч жыл мурда кабыл алган иш чаранын алкагында ЮНЕСКО уюштуруп жатат. Анда илим, маданият, билим берүү, дин, байланыш тармактарындагы окшоштуктар-айырмачылыктар регионалдык жана субрегионалдык өңүттө талкууга алынып, анын негизинде жыйынтыктоочу документ кабыл алынат.

Конференцияны Ысыккөлдө өткөрүү демилгесин Кыргызстандын президенти Аскар Акаев ЮНЕСКОнун 2003-жылдын күзүндө Парижде өткөн 32-сессиясында көтөрүп чыккан. Форумда жалпы адамзат баалуулуктарына, анын ичинде маданий, тарыхый баалуулуктарга, мурастарга, адам укуктарына, туруктуу өнүгүүгө жана таза сууга байланышкан маселелеринин талаштуу өңүттөрү талкууга алынат. Акырында Дели декларациясынын жана Орхидея кайрылуусунун негизинде ЮНЕСКО баш болгон уюмдардын мындан аркы аракеттеринин багыттары белгиленет.

Уюштуруучу топтун өкүлү Екатерина Лузанованын айтымында, эл аралык Евразия конференциясынын күн тартибине ЮНЕСКО коюп жаткан маселелер Евразия регионунда эле эмес, дүйнө жүзүндө өзгөчө актуалдуу болуп турат:

- Жалпы дүйнө коопсуздугуна коркунуч келип турганда цивилизациялардын сүйлөшүүсү тууралуу ЮНЕСКОнун концепциясы азыр болуп көрбөгөндөй актуалдуу мааниге ээ. Акыркы жылдары, айрыкча, 2001-жылдын 11-сентябрындагы кайгылуу окуядан кийин маданияттардын жана цивилизациялардын кызматташтыгы багытындагы ЮНЕСКОнун ишмердүүлүгү жаңы өңүттө эң бийик саясий деңгээлде көңүл бурууга арзыды.

Күтүлүп жаткан форум маданияттардын жана цивилизациялардын карым-катышындагы глобалдык жана регионалдык деңгээлдеги проблемаларын жөндөөгө өз салымын кошоорунан Кыргызстандагы уюштуруучулардын үмүтү чоң. Маселен, мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдун пикиринде, көңүл буруу зарылдыгы бар маселелердин катарына дин мамилелерин кошууга болот:

- Ар бир региондор же диний катмарлар, чоң тайпалар өзүнүн тарыхый өнүгүшүндө өзүнчө түскө, багытка, агымга ээ болуп калат. Анан жыйынтыгына келгенде, маселен, мусулман цивилизациясы менен христиан цивилизациясы кайсы бир түйүндүү маселелер боюнча өз ара чыр-чатакка келип калат. Болуп жүргөн. Боло келген. Билесиз, илгери заманда «крестүүлөрдүн» жүрүшү деген болгон. Орто кылымдарда мусулман динине берилген фанатиктер бүтүн дүйнөнү багындырабыз деп нечен халифат түзгөн. Ушунун баары биз айтып аткан цивилизациялар ортосундагы чыр-чатактар дегенди билдирет.

ЮНЕСКОнун Улуттук Комиссиясынын тараткан маалыматына караганда, форумга Евразия аймагындагы Австрия, Белгия, Улуу Британия, Монголия, Маррокко өңдүү 20 чамалаш мамлекеттин таасирдүү тарыхчылары, дин таануучулары, маданият ишмерлери, саясатчылары жана саясат таануучулары катышаары күтүлүп жатат. Мындан тышкары Борбор Азия мамлекет башчылары да чакырылууда. 90 чамалаш делегат катышаары күтүлүп жаткан бул форумдун күн тартибиндеги маселелер үч багытта: жалпы баалуулуктар жана этикалык принциптер, маданий ар түрдүүлүк, Евразия келечегин камсыздоочу мурастар, суу, адам коопсуздугу, адамдар ортосунда сүйлөшүу жолу аркылуу кызматташуу багыттарында талкууланаары күтүлүп жатат.

Глобалдашуу доорундагы проблемаларды талдаган форумдар буга чейин ЮНЕСКО тарабынан Кыргызстанда төрт ирет уюштурулган. Алардын катарында 1997-жылы Чынгыз Айтматов уюштурган Ысыккөл форуму, 1999-жылкы «Дин жана маданият» форумдары өзгөчө таасирдүү болгонун уюштуруучулар айтышат.

Бирок мындай иш чараларга сын көз менен караган айрым талдоочулар байма-бай өтүп жаткан эл аралык конференциялар адамзаттын жалпы баалуулуктарын коргоп калууга кудуреттүү боло албастыгын, келерки форумга деле анчалык үмүт байлашпастыгын белгилеп жатышат. Акыркы форум буга чейин 2001-жылы өтүп, анда диний жана маданий диологдор дүйнөлүк цивилизациянын бөлүгү катары талкууланган.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG