Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:47

ЕККУ академиясы 25 адисти даярдыктан өткөрдү


БИШКЕК. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкек академиясы бүгүн «Борбор Азия регионунун коопсуздугу» деп аталган долбоор боюнча алгачкы бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшырды. Беш айлык мөөнөттөгү бул курстан саясат таануу багытында изденип жүргөн 25 адис өттү. Алар алты өлкөдөн, атап айтканда, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан, Италия, Улуу Британиядан келишкен жана Кыргызстандан төрт адис бар.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги академиясы эл аралык жана регионалдык алкактагы коопсуздук иштери боюнча билимди жана тажрыйбаны өркүндөтүүгө салым кошууну көздөйт.

XS
SM
MD
LG