Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:41

Америка университети 180 студентке диплом тапшырды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Борбор Азиядагы Америка университетинин бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу салтанаты болду. Ага президент Аскар Акаев катышып, окуусун мыкты баалар менен аяктаган студенттерге диплом тапшырды.

1997-жылы Кыргызстандагы Америка университети деген ат менен түптөлгөн бул окуу жайды быйыл 180 студент бүтүрдү. Бул жерде азыр Орусия, АКШ, Канада, Түркия, Корея, Ооганстан өңдүү 27 өлкөнүн өкүлдөрү билим алышат. Университетти АКШ менен Кыргызстан каржылайт. Каржылоочу тараптын бири - белгилүү финансист Жорж Сорос. Ал университеттин курулушу болжолдонуп жаткан студенттик шаарчасынын чыгымынын негизги бөлүгүн каржылап берүүнү Кыргызстанга былтыр келгенде убада кылган.

XS
SM
MD
LG