Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:27

Сүйлөө чеберчилиги боюнча кыргыздын алгачкы окуу китеби чыкты


БИШКЕК. Өлкөдө алгачкы жолу "Кыргыз театрынын сахналык кеби" аттуу көлөмдүү окуу китеп жарык көрдү. Анын автору Кыргыз эл артисти Гүлшара Дулатова. Китеп Тургунбек Субанбердиев атындагы "Кыргыз полиграфия комбинатынын" акционердик коомунун демөөрчүлүгү менен 21 басма табак көлөмдө, эки миң нускада чыкты. Жаңы окуу китебинде ар бир тамганы кандайча туура айтуу, сүйлөөдө, тил, жаак, эриндерди иштетүү боюнча көнүгүүлөрдү, сүйлөөрдө, сүйлөп жатканда демди алуу, үндү чыгаруу тууралуу кызыктуу көнүгүүлөр берилген. Ошондой эле таза, так сүйлөөгө үйрөтүү үчүн макал, ылакаптардын, жаңылмачтардын кооз үлгүлөрү да берилген.

Азыркы кезге чейин чети оюла элек көркөм окуу билими жөнүндөгү бул эмгектин өзгөчө баалулуугун, жогорку илимий деңгээлде жазылганын академик Бүбүйна Орузбаева менен Улуттук академиянын мүчө-корреспонденти Токтосун Акматов баса белгилешкен.

XS
SM
MD
LG