Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Рональд Рейган көз жумду


Рейган "кансыз согуш" өтө курчуп турган 1981-1989-жылдары АКШны жетектеп, коммунизмди кыйратууга өтө көп көңүл бөлгөн.

Ал мурдакы Советтер Союзунун лидери Михаил Горбачев менен Берлинде болгон кездешүүдө, Батыш жана Чыгыш Германияны бөлгөн ташкоргонду көрсөтүп, мындай деген:

- Мырза Горбачев, мынабул дубалды кыйратыңыз!

Берлин дубалы 1989-жылдын аягында талкаланган.
АКШнын, Британиянын, Германиянын жана башка мамлекеттердин мурдакы жана азыркы лидерлери Рейганды эскерип, атайын билдирүүлөрдү жасашты.
Президент Жорж Буш Нормандиядагы эскерүү салтанатында:

- Жыйырма жыл илгери Американын башка бир президенти Нормандияга келип, таазим эткен. Ал эр жүрөк адам жана эркиндик үчүн жан аябаган ажайып инсан болчу. Биз бүгүн Роналд Рейганды да эскеребиз, - деди.

XS
SM
MD
LG