Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

Иракта куралдуу топторду таратуу тууралуу сөз болуп жатат


Ирактын утурумдук өкмөтү өлкөдөгү куралдуу топтордун тогузун таратуу боюнча макулдашууга саясий партиялар менен жетишти. Ирактын премьер- министри Ияд Аллавинин кечээги билдирүүсүнө караганда, 100 миңдей, көбүнесе өлкөнүн негизги саясий топторуна караган адамдар келерки жылдын башына карата куралсыздануу менен бирге жай турмушка кайтышат же коопсуздук күчтөрдүн катарына кошулат. Ал эми шийиттердин радикал динаятчысы Моктада ас-Садрдын согушкерлери бул макулдашууга тартылган жок. Моктада ас-Садрдын Мехди армиясы анын өкүлү шейх Аббас ал-Рубайенин билдиргенине караганда, оккупациялык күчтөргө каршы урушун уланта берет. АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Адам Эрели Иракта куралдуу топтор таратылаары жөнүндөгү макулдашууну кубаттады.

XS
SM
MD
LG