Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:10

Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк комиссиясынын жумушчу тобу жолугушту


ОШ. Эки тараптуу сүйлөшүүгө Өзбекстандан 17, Кыргызстандан 18 адис катышууда. Бул жолку талкууга топография, картография боюнча адистер көбүрөөк тартылган. Өзбекстан министрлер кабинетинин алдындагы геодезия, картография жана мамлекеттик кадастр боюнча башкы башкармалыктын начальниги Абдували Абдуазизов, ырасмий Бишкектин делегациясын Кыргыз мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо институтунун директору Чынарбек Касымов жетектөөдө.

Буга чейин Кыргызстан-Өзбекстан чек арасынын 1000 чакырым 600 метри аныкталган. Азыркы сүйлөшүүдө айрыкча, Кемпирабад суу сактагычынын айланасында кызуу талаш болоору божомолдонууда. Талкууга журналисттер катыштырылбай жатат. Ал 11-июнга чейин созулат.

XS
SM
MD
LG