Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:20

БУУнун КООПСУЗДУК КЕҢЕШИ ИРАК МАСЕЛЕСИНДЕ МУНАСАГА КЕЛДИ


Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Ирактын күнкорсуздугун калыбына келтирүү жөнүндөгү резолюция боюнча бир мунасага келишти жана аны бүгүн куптандан кийин бекитишет. 30-июнда америкалыктар бийликти Ирактын убактылуу өкмөтүнө өткөрүп берет. Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү резолюциянын акыркы долбоору Ирак өкмөтү коопсуздук иштерин толук контролдоосуна мүмкүндүк түзөт дешет. БУУнун чабарманы Лахдар Брахиминин айтышынча, Ирак өкмөтүнүн алдындагы эң чоң милдет өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо болот.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Ирактын эгемендигин калыбына келтирүү жөнүндөгү резолюциянын долбоору боюнча бир мунасага келишти. Франция жана Германия 30-июнда бийлик ирактыктардын өз колуна тийгенден кийин, АКШлык аскерлер негизин түзгөн көп улуттуу күчтөр “маанилүү операцияларды” ырасмий Багдаддын макулдугу менен гана өткөрүүсүн резолюцияда жазып коюну көшөрө талап кылып жатышкан. Буга резолюциянын теңдемилгечилери АКШ менен Британиянын макул болушу ишти тездетти. БУУда иштеген дипломаттар резолюцияга бүгүн түнү кол коюлат деген ишенимде.

Германиянын элчиси Гюнтер Плюгердин айтымында, резолюциянын “тексти эми кемелине жетти”:

- Менин баамдашымча, биз мунасага келдик. Акыркы бүтүм бүгүн түнү жасалат. Тараптар резолюцияны колдоп добуш беришээрине менин көзүм жетип турат.

Резолюциянын колго салынчу долбооруна ылайык, Ирактын өткөөл өкмөтү америкалык аскерлерди өлкөдөн чыгарып жиберүү укугуна ээ. Долбоордо, ошондой эле, көп улуттуу күчтөрдүн мандаты 2006-жылдын январында, бийлик Ирактын туруктуу өкмөтүнө өткөндө аяктаары баса белгиленген.
Француз тышкы иштер министри Мишель Барньенин сөзүнө караганда, резолюция толук канааттандырбаса да, Францияны аны колдоп добуш берет. Россия президенти Владимир Путин да резолюцияга киргизилген өзгөртүүлөрдү оң баалады.

Коопсуздук Кеңешиндеги өткөн түнкү талкуу алдында Улуттар Уюмунун атайын элчиси Лахдар Брахими БУУнун Ирактын утурумдук өкмөтүн түзүү боюнча жасаган “чоң чеберчиликти талап кылган” иштери тууралуу кеңири маалымат берди. Брахиминин пикиринде, убактылуу өкмөттүн жана көз карандысыз шайлоо комиссияны азыр узак мөөнөттү талап кылган өтө жооптуу милдеттер күтүүдө:

- Ирактын эли, бийликтин өзүн көрсөтүүсүнө мүмкүнчүлүк берүүгө даяр көрүнөт. Анткен менен, эч кандай иллюзия болбош керек. Алыдагы күндөр жаңы өкмөт үчүн чоң сыноо болот. Ирактын башына түшкөн азыркы иштерди чечүүгө бир нече ай жетишпейт, буга көптөгөн жылдар кетет.

Брахими жаз айларында көптөгөн ирактыктар менен кездешкенде, алар коопсуздукка бир гана аскерлердин күчүнө таянып жетүү мүмкүн эмес экенине көңүл бурушканын айтып, убактылуу өкмөт өлкөнүн мойнуна түшкөн проблемаларды саясый жол менен жөндөөсү зарыл экенине басым жасады:

- Убакытуу өкмөт тараптарды ынандырган саясый талкууларды жетектөөсү зарыл. Бул кийинки жылдары өлкөдө жүрүп жаткан жараяндарды сындаган айрым адамдарды кызматташууга тартуу үчүн керек. Бул баскынчылыкка каршы чыккан адамдардын баарын террорчу деп мүнөздөөгө жол бербөө үчүн керек.

Лахдар Брахими оюн андан ары улантып, куралдуу топторду куралсыздандырууну жактап, "Абу-Грэйб" түрмөсүндөгү “туткундарды кармоонун шартын жакшыртуу да өтө маанилүү”, анткени “америкалык аскерлердин абактагы адамдарды маскаралап-кемсинтүүлөрүн ашкерелеген сүрөттөр ирактыктарга өтө катуу тийди” деди.

“Вашингтон Пост” гезитинин жазышынча, Улуттар Уюмунун Ирактын күнкорсуздугун калыбына келтирүү боюнча резолюциянын бийлик Ирактын жаңы өкмөтүнө өтөөрдөн 22 күн илгери кабыл алынганы өтө баалуу. Себеби, ирактыктар жакында эгемендигин толук өз колуна алышып, АКШнын элсиси Жон Негропонте айткандай, “саясый тарыхынын жаңы айлампасын башташат”.

XS
SM
MD
LG