Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:54

Британия Ирак боюнча резолюция бир добуштан колдоо табаарына ишенет


Бул тууралуу Лондондук башкы дипломат Жэк Стро билдирди. Азыркы долбоорго документтин демилгечилери - АКШ менен Британия бир катар өзгөртүү-түзөтүүлөрдү киргизишкен. Шейшембиде Франция менен Испания соңку резолюция долбоору бизди толук канааттандырган жок, ошентсе да аны колдоп добуш беребиз деп маалымдашты. Германиянын тышкы иштер министри Йошка Фишер документ жактырыла турганын билдирди. Ага удаа ырасмий Бэйжиндин басма сөз өкүлү Лу Хуанжао соңку долбоордо эл аралык коомчулуктун сунуштары эске алынганын ырастады. "Резолюциянын алгачкы долбооруна салыштырмалуу азыркы вариант көп жагынан жакшыртылган. Биз мындан ары да АКШ менен Британия башка өлкөлөрдүн пикирин эске аларынан үмүт кылабыз", - деди Бэйжиндин өкүлү. БУУнун Коопсуздук Кеңеши Ирактын келечеги боюнча резолюцияга бүгүн кечирээк добуш берээри күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG