Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:39

АКШнын маданий күндөрү өткөрүлдү


ТАЛАС. Талас облусунун мектептери менен лицейлеринде иштеп жүрүшкөн Тынчтык корпусунун ыктыярдууларынын демилгеси астында өрөөндүн мектептеринде АКШнын маданий күндөрү өткөрүлдү. Волонтерлор окуучулар менен педагогдорго, ата-энелерге Американын маданияты, көп улуттуу эли, алардын каада-салттарынын айырмачылыктары жөнүндө айтып беришти. Айрым мектептердин педагогдору менен окуучулары волонтерлордун жардамы менен америкалыктардын сыйлуу тамактарын жасашса, айрым мектептерде спорттун америкалыктарга мүнөздүү түрлөрү боюнча таймаштар өттү. Эми Тынчтык корпусунун волонтерлору жайында Талас токойунун ичинде 150 окуучу үчүн экологиялык лагерь уюштурууга даярдык көрүшүүдө.

XS
SM
MD
LG