Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

Блок президенттик шайлоодо К.Бакиевдин талапкерлигин колдойт


БИШКЕК. "Кыргызстанда 2005-жылы өтүүчү президенттик шайлоого буга чейин талапкердиги көрсөтүлгөн атуулдардын арасынан мамлекет башчылык кызматка эң татыктуусу Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Курманбек Бакиев. Ошондуктан биз анын талапкердигин шайлоодо колдойбуз". Мындай билдирүүнү курамына алты саясий партия кирген «Эл бийлиги үчүн» шайлоо блогунун өкүлдөрү бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдиришти. Алардын пикиринде, буга чейин мамлекеттик бийликтин өкмөт башчылык кызматка чейинки тепкичтеринде иштеген Курманбек Бакиев гана элди артынан ээрчитип, Кыргызстанды оор экономикалык абалдан алып чыга алат. Маалымат жыйынына «ЭрК» партиясынын башчысы Бектур Асанов, «Эркиндик» партиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиев, «Республика» партиясынан Гияз Токомбаев, КДК партиясынан Жыпар Жекшеев катышышты. Ошондой эле алар мындай чечимге бардык маселелер боюнча Курманбек Бакиев менен макулдашып, кеңешкенден кийин келишкендигин билдиришти.

XS
SM
MD
LG