БИШКЕК. Коопсуздук кеңештин мурдагы катчысы Мисир Ашыркуловго кол салган деп шектелип, өткөн жылы камакка алынган Таалай Момунов Чымкоргондогу атайын ооруканага жаткырылды. Ал жерде өлкөнүн психикалык саламаттык боюнча борборунун адистери анын акыл-эсин экспертизадан өткөрүшөт. Бул тууралуу айыпталуучунун адвокаты Сергей Слесарев бүгүн билдирди. Анын айтымында, Таалай Момуновдун абалы начар жана анын өмүрүнө коркунуч бар. Ага бир эле мисал: 30 жаштын тегерегиндеги Таалайдын салмагы болгону 32 килограмм, дейт адвокат. Таалай Момуновго карата сот жараяны ушул жумада башталып, бирок адвокаттардын өтүнүчү менен айыпталуучуну медициналык экспертизадан өткөрүү чечими чыккан.