Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:52

Ишкерликке эмне тоскоол болуп жатканы аныкталууда


БИШКЕК. Чет элден каражат тартуу боюнча төртүнчү инвестициялык матрицаны аткарууга көмөк көрсөтүү үчүн түзүлгөн, Башкы прокуратуранын жумушчу тобу ишин аяктап, аналитикалык доклад даярдады. Анда Кыргызстандын министрликтери, жергиликтүү бийликтери менен мекемелери ишкерликке көзөмөлдүк кылуу укуктарынан баш тартууну каалабай жаткандыгы белгиленди. Мындай маалыматты «Инвестициялык тегерек стол» коомдук бирикмеси таратты. Ал маалыматка караганда, Башкы прокуратуранын жумушчу тобу белгилеген кемчиликтерди жоюу маселеси июль айынын 15инде боло турган кезектеги инвестициялык эл аралык саммитте каралып, бешинчи матрицага киргизилет. Ал эми Башкы прокуратуранын жумушчу тобу бир жыл аралыгында жарандардын менчигин мамлекеттик уюмдардын негизсиз тартып алуусу жана мекеме-уюмдардын ишкерликке тоскоол болгон чечимдерин жокко чыгаруу боюнча иликтөө жүргүзүп, мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамсыз көп иштерге бараарын айгинелеген. Натыйжада, 93 мыйзам бузуу катталып, 18 эскертүү берилген. 0н кызматкерге административдик жаза берилип, экөөнө кылмыш иши ачылган.

XS
SM
MD
LG