Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:37

ГЛОБАЛДЫК ИНФЛЯЦИЯ КОРКУНУЧУ БАРБЫ?


Амирбек Азам уулу, Прага шаары Кээ бир эксперттер дүйнөлүк базарда карамайдын баасынын кымбаттоосу глобалдык инфляцияга алып барат деген тынчсызданууларын айтышууда. Ушундан улам жүгүртүүдөгү акчанын көлөмүн көзөмөлдөп турчу Борбордук банктар баанын өсүүсүнө кылдат байкоо салышууда. Маалыматтарга караганда, Кошмо Штаттардын Борбордук банкы баалардын өсүүсүнө жооп кылып, аманат сакталчу жана карыз берилчү акчалардын төлөмүн жогорулатуунун амалын ойлоштурууда. Бирок, көпчүлүк экономисттер инфляция азыркы деңгээлинен ылдый түшпөйт дешет.

Жакынкы чыгыштагы террордук чабуулдарга байланыштуу бир нече күн илгери Нью-Йорктун жана Лондондун биржаларында болочокто камсыздалчу мунайдын баасы акыркы 21 жылда болуп көрбөгөндөй кымбаттап, 41 долларга чейин көтөрүлгөн эле. Кара майга талап өсүп, бирок камсыздоо кыйындап бараткан шартта ишканалар мунайды туруктуу алып туруу үчүн канча акча болсо да төлөөгө даяр деген кооптонуу товарлардын баасы кымбаттайт, анын натыйжасында, акчанын куну качып, инфляция күчөйт деген шектенүүнү жаратты.

1970-жылдары жана 80-жылдардын баш ченинде мунайдын таңсыктыгы инфляциянын өсүшү жана өндүрүштүн кыскаруусу менен коштолгон.

Германиянын Дойче (Deutsche) банкынын Франкфурт шаарындагы изилдөө борборунун экономисти Стефан Шнайдер эл керектөөчү товарлардын баасынын кымбатташы сөзсүз эле инфляцияга алып барбайт деген ойдо:

- Менин оюмча, баалардын убактылуу өсүүсү мунайдын наркынын көтөрүлгөнүн улам болду. Биз Германияда жана башка өлкөлөрдө мамлекеттин көзөмөлү астында тургантоварлардын баалаы жарыша кымбаттаганын көрдүк.

Шнайдер андан ары бүгүнкү жана 30 жыл мурдакы окуялардын ортосунда чоң айрымачылык бар экенин, ири өлкөлөрдүн экономикасы акыркы төрт жылдагы илең - салаң абалынан эми чыгып, алиге күчтөнүп кете элегин айтат.

Бир жыл мурдараак эле экономисттерди баанын төмөндөп кетүүсү-дефляция тынчсызданып жаткан.

Кийинки жумаларда, ырасында эле, АКШда жана Европада баанын өскөнү байкалды.

Соңку статистикалык маалыматтар отун энергиясынын кымбаттоосунан улам АКШда баа орточо 4,4 пайызга өскөнүн көрсөттү. Ал эми Евромейкиндикте болсо май айында инфляция акыркы 15 айдагы эң бийик деңгээлге- 2,5 процентке өскөн. Апрелде бул көрсөткүч 2 процентке барабар эле.

Экономисттер береги маалыматтарга таянып бүтүм чыгаруу жаңылыштык болот дешет. Анткен менен, АКШнын Борбордук банкы үстүбүздөгү айдын соңунда болчу кеңешмеде банктан алынчу кредиттин акысын акыркы төрт жылда биринчи жолу кымбаттатат деп болжолдонууда.

Дүйнөлүк экономиканын локомотиви саналган АКШнын Борбордук банкынын бул кадамы экономикалык өсүүгө кедергисин тийгизип, жумушсуздуктун көбөйүүсүнө алып барышы ыктымал. Адистердин айтымында, бул кубулуштун эң жаман жери баа дагы жогорулайт деген адамдар сарптоону кыскартып, инфляциянын күчөөсүнө өбөлгө түзөт.

Шнайдер 1980-жылкы энергетикалык кризис кезинде Улуттук банктар адамдардын “инфляцияны күтүү маанайын” өзгөртүп, ийгиликке жетишкенин эске салат:

- Борбордук банктар акыркы жыйырма жылда инфляцияны күтүүнү токтотуп, өтө зор иш кылышты. Керектөөчүлөр менен айлыкка баш байлаган адамдар дале болсо Борбордук банктар бир ууч товарлардын баасынын өсүүсүнө жол беришпейт жана инфляциянын толкунун токтотушат деген ишеничте.

Экономисттердин айтышынча, мунайдын баасы бирде өйдө, бирде ылдый кетпестен бир нукка түшсө, ошондо банктардын инфляция менен күрөшүүсүнө жеңил болот.
XS
SM
MD
LG