Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:03

Премьер-министр А.Шарондун планы “чабуулга” туруштук берди


Израилдик аскерлерди Газа тилкесинен чыгарып кетүүгө каршы парламентарийлердин премьер-министр Ариель Шарондун планына ишеним көрсөтпөө демилгеси ишке ашпады.
Сунушту Кнесеттин 120 мүчөсүнүн жыйырма экиси гана колдоду. 37 депутат сунушка каршы добуш берди жана 31 депутат калыс болду.

Шарондун 1 ай мурда бекитилген планы боюнча Газадан жөөттөрдүн бардык 21 конушу жана Батыш Иордандын түндүгүндөгү төрт маалеси келерки жылдын аягына чейин чыгарылып кетет.

Израилдик тик учар өткөн түнү Батыш Иордандагы Балата качкындар лагерин көздөй аткан ракетадан палестиналык эки жаран набыт болду.

Палестинанын коопсуздук күчтөрү алардын бири “ал-Аксанын азаптуулары бригадасынын” жергиликтүү командири Халил Машуд экенин кабарлады.

XS
SM
MD
LG