Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:24

ЕВРОПА БИРИМДИГИ ГРУЗИЯГА ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮСҮН УЛАНТАТ


Азиза Турдуева, Прага Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери 14-июнда Люксембургдагы жолугушуусунда Грузияга сот тармагындагы реформаларды жүргүзүү максатында жардам көрсөтүү маселелерин да талкуулады. Биримдиктин айрым мүчөлөрү белгилешкендей, мындай иш-чаралар Европа Биримдигинин саясатынын багыттарынын бири болуп эсептелет. Жакында Биримдиктин атайын эксперттер тобу бул өлкөнүн сот системасындагы реформаларга байкоо жүргүзүү максатында Грузияга барат.

Европа Биримдигинин жетекчилери белгилешкендей, Грузияда “роза революциясы” жеңгенден бери өлкөдө демократиялык багытта бир топ өзгөрүүлөр болду.
Алардын пикиринде, Грузиядагы мындай өзгөрүүлөр менен катар Европа Биримдигинин өлкөдө “мыйзамдын үстөмдүгүн” калыптандыруу боюнча жүргүзө турган иш-чаралары да маанилүү болуп эсептелет.
Биримдиктин өкүлдөрү өлкөдөгү демократиялык реформалардын ишке ашырылышында анын жаңы президенти Михаил Саакашвилиге чоң үмүт артышууда.

Жакында Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн сот тармагындагы эксперттеринен куралган миссия Грузияга барып, өлкөнүн сот системасындагы, ошондой эле, тартип коргоо структураларындагы азыркы абал жана бул тармактардагы реформанын жүргүзүлүшү менен таанышат. Миссия бир жылга жакын иштейт жана кийин анын өлкөдөгү иши кеңейтилиши ыктымал деп да болжолдонууда.

Анын иши Грузияда ушул жазда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башталган өнөктүктөн кийинки мыйзамдуулуктун үстөмдүгүн орнотуудагы ири кадамдардан болмокчу.

Айта кетели, Грузияны Шеварднадзе башкарып турган учурда мамлекеттин казынасынан ири өлчөмдөгү акчаларды өздөрүнүн кызыкчылыгына пайдаланып, жеп-ичкен ондогон чиновниктер Саакашвили баштаган коррупцияга каршы күрөштүн алкагында сот жообуна тартылып, жазаларын алышты. Мындай жараян азыр да улантылууда.

Европа комиссиясынын өкүлү, Эмма Удвин “Азаттыкка” билдиргендей, Евробиримдиктин Грузиянын сот системасын жана тартип коргоо тармагын реформалоого көрсөтө турган көмөгү грузин өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт. Биримдик тарабынан Грузияга бериле турган мындай жардамдар мындан ары да улантылат:

- Европа Биримдиги Грузиянын эң башкы институттарын реформалоо максатында жана өлкөдө мыйзамдуулукту орнотуу багытында жардам көрсөтүүдө. Мисалы, Биримдик буга чейин эле сот системасы жана абактарды реформалоо үчүн Грузияга 10 миллиондон ашуун евро бөлдү. Ал эми Биримдиктин “мыйзамдуулуктун өкүмүн” орнотуу боюнча миссиясы анын Грузияда демократиялык реформаларды колдоо багытындагы салымы жана бул - өлкөдөгү алгылыктуу иш-чаралардын уландысы болмокчу. Миссиянын башкы максаты – Грузиянын саясий системасын европалык стандарттарга жакындатуу болуп саналат.

Европа Биримдигинин Грузияга жөнөтүлө турган миссиясы ошону менен бирге, өлкөдөгү атуулдук коомду куруу жараянына, реформаларга жана коопсуздук маселелерине да байкоо жүргүзөт. Грузияда атуулдук коомдун олуттуу салымынын натыйжасында болгон өзгөрүүлөрдөн кийин бул өлкөдө кризистик кырдаалдарды алдын алуу да Биримдиктин башкы маселелеринен.

Эгерде өлкө башчылары демократиялык реформаларды жүргүзүүгө жардам сурап кайрылып жатышса Европа Биримдиги көмөк көрсөтүүнүн жолдорун таба алат,-дейт Еврокомиссиянын өкүлү Эмма Удвин.

XS
SM
MD
LG