Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Газа тилкесинде жан кечти машинесин жардырып, курман болду


ГАЗА. Газа тилкесинде жайгашкан Нецарим кыштагынын жанында бир жан кечти террорчу машинесин жардырып, курман болду. Андан израилдик жарандар жабыркаганы маалымдалбайт. Жолду күзөтүп турган израилдик солдаттар шектүү машинеге ок ачышкан, ошондо жырдыргыч заттар менен толтурулган машине дароо жарылып кеткен. Бүгүн Израил айтылуу дубалды тургузуу үчүн Батыш жээктеги Ариэль жөөт кыштагынын айланасынан палестиндерге караштуу жер тилкелерин тартып ала башташты. Палестин жетекчилиги муну кескин сынга алууда. Ал эми Израил дубал жан кечти террорчулардан коргонуу үчүн курулуп атканын айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG