Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:40

ПАРЛАМЕНТ КЫРГЫЗ-КАЗАК ЧЕГАРАСЫ ЖӨНҮНДӨ КЕЛИШИМГЕ ӨЗ БААСЫН КҮЗДӨ БЕРЕТ


Сарыгулова Бурулкан, Бишкек «Кыргыз-казак мамлекеттик чегарасы жөнүндөгү» келишимди ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары күзүндө талкууламай болду. Мыйзам чыгаруу жыйынынын мамлекеттик коопсуздук комитети дүйшөмбү күнкү отурумунда ушундай чечимге келди. Казакстандын парламенти 2001-жылы кол коюлган бул келишимди өткөн жылы ратификациялаган. Ал эми кыргыз парламенти келишимге расмий баасын бере элек.

«Кыргыз-казак мамлекеттик чекарасы жөнүндөгү» Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы келишимге эки мамлекеттин башчылары Аскар Акаев менен Нурсултан Назарбаев 2001-жылы 15-декабрда Астанада кол коюшкан. Бул документти Казакстан парламенти өткөң жылы ратификациялаган. Бирок Кыргызстандын парламентинин айрым мүчөлөрү бул келишим мамлекеттин кызыкчылыктарына кайчы келет дешүүдө. Алар бул багытта жетиштүү кам көргөн эмес деп кыргыз өкмөтүн сынга алып жатышат. Келишимди ратификациялоону кечеңдещинин бир себеби ушул маселе менен байланыштырылат.

- Мурда (келишим кабыл алынганга чейин) биз комитеттин жыйынын өткөрүп, үч участокту Кыргызстандын аймагында калсын дедик эле, - дейт палатанын мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасы Исмаил Исаков, - Комитеттин ошол пикирин эске албастан, президент кол коюп, ошол үч участок азырынча Казакстандын карамагына өтүп жатат. Токмоктун жанындагы 800 метр кыргыздын жолу, айланма жол бар го, ошол жер, экинчиси Таласта, анан Москва районунда. Эми бул жерде маселенин эң оору – жол.

Исаковдун айтымында, маселенин татаалдыгы - Кыргызстандын жолу Казакстан аркылуу, ал эми Казакстандын жолунун Кыргызстан аймагы аркылуу өтүп жаткандыгында. Келишим күчүнө кирсе кошуна мамлекет жолду тосуу демилгесин көтөрүшү ыктымал.

Тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун маалымдаганына караганда, маселени чечүү үчүн өкмөттүн жасаган аракети оңунан чыкпай калды:

- Бул маселеде аталган аймакты доолагыдай юридикалык негиздеме болгон жок. Ага кошумча - казак тарап жерди биздин карамагыбызга биротоло бергиле, анын ордуна теңдеш жер беребиз деген бир нече жолку суранычыбызды кубаттаган жок. Мындай жердин бири Мерке-Благовещенск жолундагы Кыргыз республикасынын аймагы аркылуу өткөн 22,5 чамалаш чакырым жер болчу.

Айтматовдун билдиргенине караганда, кабыл алынган келишимди ишке киргизүүдө комитеттин талабын эске алуу мүмкүнчүлүгү аз. Анткени, ал юридикалык документтердин негизинде даярдалды. Өксүгөн жери – мындай юридикалык таяныч документтер өтө аз болду.

Ал эми депутат Исмаил Исаковдун айтымында, келишимдеги талаштуу жоболорду чечүүгө Алматы декларациясы, "Түбөлүк достук" келишими жана СССРдин Конституциясы негиз болуп бермек. Катачылыктын кетишине өкмөттүн батыл аракет жасай албагандыгы кедерин тийгизди дейт депутат:

- Тарыхый процессти карап чыгыш керек эле. Кытайга келгенде тарыхты карашып, илгери-илгери Үзөңгү-Кууш булардыкы болгон экен деп, келишимге карабай туруп берип коюшту. А бу жерге келгенде картасы ушундай экен деп атышат. Бул - туура эмес. Карта боюнча да биздики. Баарын тактап чыкканбыз. Ошондуктан, мен депутаттар мурдагыдай баарына көздү жумушпаса керек деп ойлойм.

Кыргыз өкмөтүнүн регионалдык маселелер боюнча бөлүм башчысы Саламат Аламановдун айтымында, депутаттардын дооматтарында чындык бар. Бирок өкмөт бул маселени чечүүдө келечекке көбүрөөк көңүл бурду:

- Эгер биз чегараны азыр бекитип ала турган болсок, түбөлүк ушул бойдон кала берет. Бүткүл Россиялык Борбордук Комитеттин чечиминдеги чегара бир жарым баракка жазылган. Азыркы биздин чегара тууралуу маалыматтар кырк бетке жазылды. Кийинки муун ар бир чекитти таанып алгыдай кылдык. Биздин жасаган иш ушул болду.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын мамлекеттик коопсуздук боюнча комитет келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун палатанын талкуусуна сентябрь айында алып чыгууну болжоп жатат.

XS
SM
MD
LG