Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:57

УЗАК ЖОЛДОГУ ОЙ ЖЕ УЛУТТУК ИДЕОЛОГИЯНЫ ИЗДӨӨ


Улуттун өзүн-өзү аңдоосу ары татаал, карама-каршылыктуу жүрөрүн кыргыз эли жаңы кылым босогосунда жон териси менен сезүүдө. Экономикалык оор шартка туш келген калк арасында заман идеясы, өткөндү эңсөө, жаңыны жерүү маанайы күчтүү. Ошондон элдин бүгүнкүсү менен эртеңкиси тууралуу дагы бир жолу кеп кылуунун оролу келип турат. «Азаттыктын» бүгүнкү «Коом жана турмуш» түрмөгү улут идеясына арналмакчы.

Улут идеясы Кыргызстан эгемендик алгандан бери эле коюлуп келет. Бу кыйла эле кыйды идея социализм тушунда деле калк арасында экен-токондо айтылчу. Антишке Кыргызстандагы кыйла улуттарга салыштырмалуу түпкүлүктүү элдин жарды жашаганы, интеллигенция өкүлдөрүнүн батымсыздыгы, улуттук каада-салт, үрп-адат, рухий дүйнөсүнүн кысымга алынгандыгы себеп болчу.

Эгемендик тушунда деле карапайым калктын турмуш-шарты тез оңолуп кеткен жок. Атүгүл мурунку социалисттик өп-чап турмуш деңгээлинен да төмөн түшүп кеткени көпчүлүктүн маанайын огобетер чөктүрүп, кыргыз эли менен эне тилинин эртеңкисине кабатыр ойлордун чыгышын шарттады шекилдүү. Антип сарсанаага батып отургандарды арай көз чарай чогултуп алып баарына барып-келип эл өзү күнөөлүү экенин айткан киши жок.

Жаңы заман тушунда жумуш издеп айылдан шаарга агылгандардын катары арбыды. Алардын көбү чет өлкөлөргө иштегени кетишти. «Жаңы Кыргызстан» партиясынын жетекчиси Досбол Нур уулу антип жер которгондордун саны миллиондон ашат деп эсептейт:

- Жыл башындагы маалымат боюнча, 1 миллион 200 миң кыргыз конуш которду. Булардын укугу эмне болот? Биз саясаттан алыс бололу дейбиз. Бирок бүгүн уктап, эртең ойгондон кийин саясатка аралашпаган кыргыз – кыргыз эмес деп эле эсептесе болот. Бүгүнкү турмуш, бүгүнкү жашообузга кайдыгер караган кыргыз болбош керек. Мына, 1 миллион 200 миң кыргыздын укугу тепселип жатат. Буга көңүл бурган киши жок. Бийлик өзүңдү өзүң багып ал деп, эшигинен чыгарып койгон. Ал кыргыздардын миллионго жакыны сыртта жүрөт.

Жалаң экономикалык максат-мүдөөнү гана көздөп калган калктын рухий турмушу өтөле жарды болорун тарых эчак эле тастыктаган. Ошондон кыргызды азыркыдан алдаканча оор сыноолордон муңдурбай алып келген кудурет күчтү табуу аракети күч алып отурбайбы. Байыркы элди эчен кылымдык тарыхый узак жолдо чачыратпай жаңы кылымга жеткирген ички касиет, эңгезер күч-кайратты айрымдар Теңирчиликке, башка бирлери баатырдык дастандарга, үчүнчүлөрү тилге, башкалары тоолорго такап түшүндүрүп жүрүшөт.

- Улуттун өзү сактап келаткан 3 – 4 эле негизги касиет бар. Ал касиетти кармаган эл, сактаган улут узак жашайт, өнүгүп-өсүшү мүмкүн. Эгер ал касиеттерди сактабасак, ага маани бербесек, башка элдерди ээрчип, аларды туурап жүрө берсек, биз эртеби-кечпи жок болчу тагдырга туш келебиз.
Улутту өзүн-өзү сактап калчу негизги касиети – бул тили. Экинчи касиети – тарыхты так жазуу, аны калыбына келтирүү. Үчүнчү маселе – улуттук философия же улуттук дүйнө тааным, улуттук ой жүгүртүү. Бул жагынан алганда улуттук философия бизде алигече илимге айлана элек. Биздин улуттук философиябыз жок, -
дейт Ишеналы Арабаев атындагы педагогикалык университеттин окутуучусу Абдырахман Алымбаев.

«Теңир Ордо» коомдук бирикмесинин жетекчиси Дастан Сарыгулов байыркы элди азыркы заманга улуттук арнамыс деген улуу күч алып келди деген ойдо:

- Ушу керемет жерди уйгурга алдырбай, кытайга алдырбай, арабга алдырбай келишкен. Белгилүү майдандардагы урушту биз айтып кете алабыз. Мисалы, 751-жылы Таластагы кытайлар менен арабдардын чабышын айтсак болот. Кийин калмактар 3 кылым кол салды. Кытайлар кол салды. Ушундай жерди эч кимге тарттырбай бизге ким мурастап калтырды, деген суроого кантип жооп беребиз? Калмак калтырдыбы бизге? Же кытай калтырдыбы? Болбосо арабдар: «Ай, байкуш кыргыздар, силерде Мекен жок экен. Силерге мына ушул жерди Мекен кылып бердик» дедиби? Кимиси айтты? Эч ким антип айткан жок. Нечен миң жылдар ушул жерди коргоп бизге калтырган кыргыз бабалар. Эй, туугандар, араб дагы эмес, түрк дагы эмес, кыргыз бабалар калтырган! Анда эмне үчүн биз улуу бабаларыбыздын улуу мурасын кемитип келе жатабыз?! Барктабай, ошону менен сыймыктанбай келатабыз?!

«Манас» дастанында биралдын муңайым юмор, экинчи жагынан олуттуу түр менен сыпатталган улуттук сапат – кенебестик жаңы заманда деле элдин этегине эрмешип ээрчип жүрөт.

- Урушта да, эмгекте да арнамысын алдырбаган улуу күч – касиет, намыскөйлүк, жигиттик, атуулдук күч кайда калды? Ал күч ар бирибизде бар. Бирок ал мемиреп уктап жатат. Биз ийне менен сайып, аны ойготуу мезгили келди. Мен суроону мындай деп коёр элем. Туура, кыргызга кыйын болду. Эмне керек, эмнеден баштоо керек? Мен айтар элем: акын-төкмө керек. Жан дүйнөңдү түйшүккө салып, ыйласаң ыйлап, сооронсоң сооронтчу «Манастан» үзүндүлөр керек экен.

Эсиңерге салып коёюн, калмактын алпы Жолой дөө менен күрөшөргө киши чыкпай, Кошой дөөнү чыгарып койсо камырабаган Кошой кыргыз үргүлөп баратканын акылман Бакай көрүп атпайбы. Жаны күйгөн Бакай акылман, Кошойду камчы менен бир чапканда саны «тыз» этип ачышып, Кошой ойгонуп отурбайбы. Бизге ошондой камчы керек экен,- дейт философия илим кандидаты Гулия Тажиева.

Мударис Кусейин Исаевдин ырасташынча, ушу тапта улут турмушуна көлөкө түшүрүп турган жагдайлар мына булар:

- Улуу сөз угулбай, нарк тебеленген, жол бузулган. Пейил кирдеп, дөөлөт ташын мээнет ташы басканга өткөн. Калктын нагыз жакшылары: ак сөөктөрү, коргоочулары жок кылынган. Паракорлук каптап, мансап үчүн атасын кармап бергенден кайра тарпаган абийирсиз, намыссыз башчы кадыр тапкан. Журт кызыкчылыгын саткандын даражасы өскөн. Узункулак, баканооз көбөйгөн.
Тукум мажирөө, маңкурт боло баштаган. Төбөсү менен жер каза баштап атып жүлүнү ийрейген, жан заарын башына чачкандан кайра тартпаган дили кор, бир макулукка айланган. Бузулган элден бучук аким бийлеп калган. Бий экөө болсо доо төртөө заманы өкүм сүргөн. Даанышман калктын акылман сөзүндө мындай абал «Байыркыдан барк кетти, каадалуу нуска нарк кетти. Жакшылардан карк кетти, өзөктү жалмап өрт кетти», деп сүрөттөлгөн.


Улуттук турмуштун уңгулуу проблемалары жайында пикирин сурап «Азаттыктын» кабарчысы Фатима Абдалова айрым инсандарды кепке тарткан.

Фатима: - Канткенде кыргыз улут катары өнүгүп-өсөт? Мына ушундай суроого Кыргызстан коммунистеринин жетекчиси Абсамат Масалиев мындай жооп узатты:

- Биринчи, бийликтин чокусунда турган адамдардын баары таза болушу зарыл. Өзүнүн эмгек акысы менен жашап, мамлекеттин казынасынан бир тыйын албашы керек. Колубузда турган завод-фабрикалардын баары ишке киргизилсин. Кыргыз тилин улутташтарыбыздын баары билиши зарыл. Бул үчүн кыргыздар бир жерде жашашы керек. Азыр 700 – 800 миңдей кыргыздын кыз-келиндери Казакстанда, Орусияда иштеп жүрүшөт. Булар дагы 10 жыл четте жашашса балдары өз тилин билбей калышат.

Профессор Кадыралы Конкобаевдин пикири:

- Менимче, эң биринчи иретте, билимге көңүл бөлүнүшү керек. Бала бакчадан баштап мамлекеттик эң жогорку кызматкерлерге чейин билим берүүбүз зарыл. Элдик салттарыбызды сактап, Батыш менен Чыгыштын мыкты жетишкендиктерин үйрөнүшүбүз керек. Ошондо биз кыргыз деген өздүгүбүздү сактап кала алабыз. Билим аркылуу дүйнөлүк жетишкендиктерге ээ болобуз.

Түркиялык илимпоз Ахмед Буранды кепке тарттык:

- Кыргызстанда кыргыз тили жогорку окуу жайларында, көчөдө, базарларда көп колдонулбайт. Бул, менин оюмча, жакшы көрүнүш эмес. Кыргыз тили колдонулбаса кыргыздардын өзү унутта калат. Мыйзамдар жакшы иштебейт.

Ырахмат, Фатима! Эми кезекти кесиптешим Миргүл Аманбаевага берсемби деп турам.

Миргүл: - Ырахмат. Кыргыз эли канткенде өнүгөт? Канткенде алдыңкы мамлекеттерге теңелет? – деген суроолор менен жогорку окуу жайларынын студенттерине кайрылганыбызда, ал жаштардын жооптору төмөндөгүчө болду. И.Арабаев атындагы педагогикалык университетинин студенти Айдарбек Акматов:

- Биринчиден, кыргыз эли бирдиктүү болуш керек, бирдиктүү болгондо гана кыргыз эли алдыга чыга алат. Экинчиден, завод, фабрикалар көп курулса, иштесе Кыргызстан кризистен чыгат деп ойлойм.

Бишкек гуманитардык университетинин студенти Асель мындай деди:

- Бизде болуп жаткан кризис негизинен жаңы этапка өткөндүгүбүзгө байланыштуу. Анткени мурун СССРдин курамында болуп жүргөнбүз. Мурдагы өнүккөн мамлекеттер деле бизге чейин кризиске учурашкан. Биз да ошолор басып өткөн жолду өтүп атабыз. Бара-бара өнүккөн мамлекеттердей эле чыгабыз деп ойлойм.

Кыргыз эли канткенде өнүгөт деген жогорудагы сурообуз менен Улуттук университеттин студенти Кумар Эшимкановго кайрылдык:

- Кыргыз эли башка улутка жетиш үчүн намыскөй болуш керек.

- Кризистен чыгыш үчүн эмне кылыш керек?

- Чет өлкөлөрдөн келген акчаларды туура эмес пайдаланган үчүн кризис, банкрот болуп атат азыр мамлекет. Кризистен чыгыш үчүн чакан кредиттерди көбөйтүш керек, туризмди өнүктүрүш керек, акылдуу, билимдүү башка президентти шайлашыбыз керек.

Ал эми Бишкек шаарынын тургуну Гүлдана Абдырашитова мындайча пикирде:

- Азыркы учурда улуттук идея жаңы кирип атат. Азыр көбүнчө биздин президентибиз Аскар Акаев кризистен чыгыш үчүн ар кандай жолдорду түзүп берүүдө. Жаңы эгемендүүлүктү алган жылдарга салыштырмалуу Кыргызстан алда канча көтөрүлүп калды деп ойлойм.

Ырахмат, Миргүл!

Калмактын каны Жолой дөө менен кирөшкө киши чыкпай, эл абдарып турган чагында кадимки Кошой бабабыз кыргыз менмин деген азаматтарына кайрылган экен. «Манастан» үзүндүнү Абдылда Нуралиевдин айтуусунда уксак:

- Анда Манас муну айтат,
Айланайын, абаке,
Ат үстүндө душманга,
Ак келтенин огу элем.
Жолуңуз болсун, абаке,
Жолойду мага теңеген.
Күрөштөн эгер жыгылсам,
Күчү ташкан немеңен.
Жаңжуң элиң чаппайбы,
Жазыксыз каның акпайбы!
Төбөңө камчы чаппайбы,
Төрүңө кудук казбайбы!
Сулуу зайып койнуна,
Суук колун салбайбы!
Кайран кыргыз балдырап,
Ошондо калмакча сүйлөп калбайбы!
Эртең бүтпөйт бул ашың,
Элкин боюн сактагын.
Эрлердин канын сагынган, аба,
Эр сайышың жатпайбы.
Салтыңды туудай көрөйүн,
Айланайын, абаке,
Мен ушу сайышка түшүп берейин.
Андан да Кошой өттү эле,
Айласы жаман кетти эле.
Топко көзүн салды эле,
Тоодой Төштүк сырттаның,
Ошондо сынына толо калды эле.
Салаалап тарап сакалын,
Салмактап сөздүн акагын,
Салттуу сөзүм баштадым,
Элимден көрдүм эстүүнү,
Эл кадырлар тектүүнү,
Эли-журтуң эсенби,
Элеман байдын Төштүгүм!
Эч ким чыкпай күрөшкө,
Мына, эсирген доңуз көпчүбү?
Айланайын, Төштүгүм,
Бу кезекте карачы,
Менин ичиме батпай арманым,
Ак калпак кыргыз эл билчү.
Айланайын, Эр Төштүк,
Сенин а кезде ушу салмагың.
Ой, тополоң бүткөн тоо болсо,
Торпок да багат бир жанын.
Кагылам кыргыз эли үчүн,
Кармаша турган кезегиң.
Деп ушуну айтканда.
Анда Төштүк муну айтат:
Айланайын, абакем,
Биягыңдан ойлосоң,
Кечээ эрегишип желмогуз,
Элимден тирүү айрылып,
Ээн кеткен жиндерде,
Эңсесем көзүм талдырып,
Жер үстүнө чыкканым,
Жети күнгө толгон жок.
Менин кашыктай каным калган жок.
Кагылам кыргыз эл үчүн,
Мен азыр эле өлсөм арман жок.
Деп ошентип турганда,
Сын көзүн Кошой салды эле,
Сынына толбой калды эле.
Андан ары аттады,
Казактын каны Көкчөнү,
Күрөшкө түш деп кыстады.
Анда Көкчө муну айтат:
Айланайын абаке,
Угуп турсаң кичине,
Мунобу турган каңгайың,
Бутумду бурап албайбы,
Бузук күндү салбайбы.
Айлантып жерге урбайбы,
Ааламдын жүзү дүңгүрөп,
Аябай шылдың кылбайбы.
Түшсөң, Кошой, өзүң түш,
Түрү суук айбанга.
Түртүшөргө чамам жок,
Мына түтөп турган каңгайга.
Башталып уруш кетпесин,
Менин башымды жулуп алганда.
Андан да Кошой өттү эле,
Айласы жаман кетти эле.
Бер жакта карап турган го,
Ал аңгыча болгон жок,
Ак кула минген шер келип,
Ааламдын жүзү термелип,
Анда Манас муну айтат:
Айланайын, абаке,
Заманды бойлоп келаткан,
Сакалдуунун жолу улук,
Зардалым, Кошой, оюмду ук!
Шерменде болом түшсөм деп,
Мында шерлериң жатат корунуп,
Кылычтай тийсең болбойбу, аба,
Кыпкызыл өрткө бой уруп.
Ошого Кошой ынанып,
Жан чыкпаган Жолойго,
Бармак болду бул анык.
Батпай турган калкынан,
Батаңды бер деп суранып.


Башка сөз жок. Саламатта калыңыздар.

XS
SM
MD
LG