Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:08

Депутаттар шайлоо округдарынын бөлүштүрүлүшүн карайт


БИШКЕК. Эл өкүлдөр жыйынынын мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук комитети жума күнү Кыргыз республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча бир мандаттуу аймактык шайлоо округдарынын аныкталышы тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевдин маалыматын угат.

Аталган комитеттин төрагасынын орун басары Исхак Масалиевдин маалыматына караганда, БШК башчысынын маалыматын угууга Эл өкүлдөр жыйынынын айрым депутаттарынын буга чейин Мыйзам чыгаруу палатасы тарабынан бир мандаттуу аймактык шайлоо окуругдарынын аныкталышына нааразы экендиги түрткү болгон.

БШК маалымат кызматынын башчысы Нина Мухинанын айтымында, Кыргызстандын шайлоо кодексине ылайык округдар саясий өнөктүккө 160 күн калганда БШК тарабынан сунушталып, Жогорку Кеңеш тарабынан талкууланып, жактырылышы керек.

Ал эми 2005-жылы Жогорку Кеңешке өткөрүлө турган шайлоо боюнча бир мандаттуу аймактык округдар Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан 2003-жылдын 30-июнунда кабыл алынган мыйзам тарабынан аныкталып, ага мамлекет башчы кол койгон.

XS
SM
MD
LG