Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

Украинанын тышкы иштер министри АКШга расми сапар менен жөнөп кетти


Украинанын тышкы иштер министри Константин Грыщенко бүгүн беш күндүк кызмат сапар менен Америка Кошмо Штаттарына жөнөп кетти. Мамлекеттик катчы Колин Пауэлл, коопсуздук маселелери боюнча президенттин кеңешчиси Кондолиза Райс жана башка жетекчилер менен Грыщенко эки тараптуу маселелерден тышкары, Ирактагы абалды дагы талкуулайт. Украина Иракка 1650 аскер жиберген жана жакын арада дагы 150 солдат жөнөтүшү мүмкүн. Сапар учурунда Грыщенко Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан менен дагы жолугат.

XS
SM
MD
LG