Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:17

Делиде Индия менен Пакистан өкүлдөрү жолугушту


Тараптар бул күнү атомдук чөйрөдөгү ишеним чараларын талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдө, Индиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү ырастагандай, атомдук кагылыштардын чыгып кетишин алдын-алуу максатында натыйжалуу чаралардын зарылдыгы белгиленди. Бул темада эки өлкөнүн жогорку даражалуу эксперттери 1999-жылы Пакистандын Лахор шаарында биринчи ирет консультацияларды өткөрүшкөн эле. Эртең Делидеги сүйлөшүүлөрдө конкреттүү сунуштар каралат.

XS
SM
MD
LG