Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:59

21-июнда аба ырайы кандай болот?


БИШКЕК. Синоптиктердин берген маалыматына караганда, 21-июнда Кыргызстанда аба ырайында өзгөрүүлөр болбойт. Батыштан жумшак жел жүрөт.

Абанын температурасы:
ЧҮЙ облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +30…+35 градус.
ТАЛАС аймагында түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34 градус ысык.
Республиканын БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД дубандарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +31…+36.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +22…+27 градус.
НАРЫНДА түнкүсун +9…+14, күндүз +25…+30.
Борборубуз БИШКЕКТЕ күн ачык болуп, батыштан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрүп турат. Абанын температурасы түнкүсүн +20…+22, күндүз +32…+34 градуска жетет.
Күндүн узактыгы 15 саат 18 мүнөт.

Жаңылыктарды Бурулкан Турдубек кызы даярдады.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG