Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:13

Ирак коопсуздугу сырткы жардамга муктаж


Ирактын убактылуу премьер-министри Ияд Алави бүгүн өлкөнүн коопсуздук кызматында өзгөрүүлөр болгонун кабарлады. Анын айтымында, мындан кийин коопсуздук жана көзөмөл бөлүктөрү түздөн түз башкы жетекчиликке маалымат бергидей шарт түзүлдү:

- Биздин стратегиябыз жөпжөнөкөй. Болгон күчүбүздү өлкөдө тынчтык, демократия орнотууга жумшайбыз. Ирактын коопсуздук кызматтары элдин бейпилдигинин душмандарына каршы иштейт.

Ирак премьер-министри көтөрүлүшчүлөргө каршы атайын аскердик бөлүк түзүлгөнүн кабарлады. Бирок өлкөдө бейпилдикти сактаганга жергиликтүү коопсуздук кызматы азыр алсыз экенин айтып, Ирак ушул күндөрү сырткы жардамга муктаж деп билдирди. Ияд Алави Батыш өлкөлөрү гана эмес, араб мамлекеттери да жардам берет деген үмүттө.

XS
SM
MD
LG