Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:57

АКШнын аскерий соту генералдарды суракка алууга уруксат берди


Алар Ирактын "Абу-Грейб" түрмөсүндөгүлөрдү мазактагандыгы үчүн айыпталган америкалык жоокерлердин иши боюнча суракка алынмакчы. АКШнын аскерий соту бүгүн айыпкерлердин адвокаттарынын америкалык жогорку даражалуу генералдарды, атап айтканда, Ирактагы аскерлердин командачысы Рикардо Санчести, Борбордук командачылыктын башчысы Жон Абизаидди жана башкаларды суракка алуу жөнүндөгү өтүнүчүн канааттандырды.

Адвокаттар ошондой эле соттон АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелдди да суракка алууну өтүнүшкөн болчу. Адвокаттардын ырастоосунда айыпталып жаткан жоокерлер командирлеринин буйругуна ылайык гана иш кылышкан. Маселен, Жавал Девис аттуу жоокердин адвокаты Пол Бергрин мындай деди:

- Жавал Девис жасагандардын баары мыйзамдуу, ал стандарттык эрежелерге ылайык аракеттенген. Ага эмне кылуу керектигин аскерий жана башка атайын кызматтардын адамдары айтышкан.

"Абу-Грейб" түрмөсүндө ирактыктарды мазактаганы үчүн учурда жети аскер айыпталууда. Бүгүн алардын үчөөсүнүн иши боюнча сотто угуу башталды. Аталган иш боюнча буга америкалык бир аскер бир жылга эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG