Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:11

ПАРЛАМЕНТТЕ БЮДЖЕТ МАСЕЛЕСИ КАРАЛДЫ


22-июнда Эл өкүлдөр жыйынынын бюджет жана экономикалык саясат комитетинде 2004-жылдын бюджетине өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү маселеси талкууланды. Анын жүрүшүндө айрым депутаттар каржы министрлиги быйыл убада кылган акчаны шайлоо огругдарына бөлбөй жатканын айтышты. Каржы министри Болот Абилдаев болсо республикалык бюджетте каражат тартыш экенин маалымдап, дефицит чоң экенин билдирди.

23-июнда Эл өкүлдөр жыйынынын 20-сессиясы башталат. Анда каралчу олуттуу маселелердин бири – быйылкы жылдын республикалык бюджетине өзгөртүү-толуктоолорду киргизүү иши. Эмне себептен өлкөнүн башкы финансылык документи оңдоого муктаж болуп калганын каржы министри Болот Абилдаевден сурадык. Анын жообу мындай болду:

- Турмуш өзү өзгөрүп жатпайбы. Экономикалык өсүш биз болжолдогондон жогору болду. Ошондон улам бюджеттин киреше жагын өзгөртүп жатабыз. Албетте, чыгаша жагын да - сиздер жакшы билсиздер, - баары эле акча сурап жатат. Ошондой зарылчылыктан улам, бюджетке өзгөртүү – толуктоолор киргизилүүдө.

Эл өкүлдөр жыйынынын бюджет жана экономикалык саясат комитетинин төрагасы Жеңишбек Эшенкуловдун айтымында, республикалык бюджеттин өзгөрүп жатышы өкмөттүн, так айтканда, каржы министрлигинин ишмердүүлүгү менен байланыштуу болду. Бул болсо өз кезегинде бюджеттин чыгаша бөлүгүнө да оңдоо киргизүүнү шарттады:

- Министрлик киреше бөлүгүн 632 млн. сомго көтөрүп жатат. Чыгыша жагын 718 млн. сомго көбөйтүүдө. Министрлик кошумча булактарды таап. Акчаны көп жыйнадык, мыйзамды өзгөртүп бергиле деп жатпайбы. Бул жакшы. Ошондон улам, быйылкы жылдын бюджети жакшы аткарылат деп ойлойм.

Жеңишбек Эшенкуловдун мындай оң пикирине карабай, депутаттар өкмөттүн, анын ичинде каржы министрлигинин ишиндеги айрым маселелерди көтөрүштү. Так айтканда, депутат Самаган Маматов айыл-чарба тармагына жакшы көңүл бөлүнбөй жатканын, сибир жарасы, шарп ылаңына чалдыккан малды дарылоого акча жетишпей жатканын айтты:

- Былтыр бюджетти кабыл алып жатканда каржы министрлиги менен айыл чарбасына акчаны жылдын биринчи жарымында бөлүп берели деген макулдашуу болгон эле. Бирок ал аткарылбай жатат. Ящур, шарп жана башка оорулар көп. Малды өз учурунда дарылай албай калдык, акча бөлүнбөй атат. Бул маселе чечилеби?

Депутаттын мындай суроосуна жооп берген каржы министри акча июндун аягына чейин бөлүнө турганын маалымдады.

Б.Абилдаевдин айтымында, быйыл тышкы карыздын негизги суммасы катары 1 млрд. 676 млн. сом төлөнөт. Ал эми процентине 1 млрд. 613 млн. сом. чегерилет. Кыргыз өкмөтү париж клубунун алкагында тышкы карыздын 1 млрд. 44 млн. сомду кийинчерээк кайтарып берүүнү макулдашкан. Мамлекет тышкы карыздан тышкары да, ички карыздарынын айласын табалбай жаткан кези. Ушул тапта өкмөт элге 2 млрд. 123 млн. сом бересе. Депутат Жолдошбек Турдумамбетовдун айтымында, ал карыздын 30 миллиондой сому Жалалабад облусунун бюджеттин көзүн караган кызматкерлериники:

- Акча жетиштүү бөлүнбөй жатат. Өзгөчө, Жалалабаддын бюджеттик кызматкерлерине 30 миллиондой сом акча берилбей келатат.

Дегеле, бюджет жөнүндө мыйзам жыл сайын так аткарылбай келатканы менен өзгөчөлөнөт. Анткени, кагазда жазылып, пландалган акчалар өз маалында, максаттуу бөлүнүп, майнаптуу пайдаланылылбай калган учурлар көп эле учурайт. Быйылкы жылдын бюджетине кирип, бирок акчанын тартыштыгынан аткарылбай жаткан иштер да аз эмес. Мисалы, Карасуу районунан шайланган депутат Арапбай Төлөнов Савай айыл өкмөтүндө суу каптоодон жапа чеккен 40 үй-бүлөнүн суроо-талаптары аткарылбай келатканын ортого салды:

- Жертөлөсүнөн суу чыккан үйлөрдү сактап калуу үчүн иш жүргүзүүгө бюджеттен акча бөлүнсүн делген. Бирок ал жумуштар баштала элек.

Комитеттин отурумунун соңунда быйылкы жылдын бюджетине киргизилчү өзгөртүү-толуктоолорду сессиянын күн тартибине киргизүү тууралуу чечим кабыл алынды. Эми бул маселе сессияда деле жактырылып, кабыл алынаарына өкмөттүн да, депутаттардын да эч кандай шеги жок.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG