Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:38

Ингушетиядагы окуяга кыргыз саясатчыларынын пикири


БИШКЕК. Тынчтык орнотуучу эл аралык күчтөрдү киргизүү менен Чеченстандагы кырдаалды жөнгөрүүгө болот, деп билдирди бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Оксана Малеванная Ингушетиядагы абалга баа берип жатып. Анын айтымында, Кавказдагы маселени сүйлөшүүлөр жолу менен чечүү керек. Ал эми Кыргызстан адам укугун коргоо кыймылынын лидери Турсунбек Акун Ингушетиядагы кандуу окуяны мыйзам ченемдүү көрүнүш катары баалап, орус аскерлери Чеченстандан чыкмайын бул согуш токтобойт, деп билдирди. Анын айтымында, Аслан Масхадов мыйзамдуу президент жана аны эл колдогондуктан эч жакка кетпей республика ичинде жүрөт.Чеченстан маселесин чечүүдө федералдык борбордун күчкө таянган саясаты туура эмес, деген пикирин «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев, «Демократия жана жарандык коом үчүн» өкмөттүк эмес уюмдарынын коалициясынын президенти Эдил Байсалов да билдирди.

XS
SM
MD
LG