Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

Журналистке байланыштуу сот иши уланды


БИШКЕК. Бүгүн Свердлов райондук соту Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, «Ошгаз» акционердик коомунун башчысы Давран Сабировдун доо арызын кароону улантты. Кезектеги отурумунда сот журналист Калил Жамгырчиевдин негиздемелерин укту. Депутат Сабиров райондук сотко арызды «Учкун» гезитине жарыяланган «Ошгазды ойрондогон Сабиров» аттуу макала боюнча берип, авторду Кылмыш кодексинин 127-беренесинин 2 жана 3 бөлүмчөлөрүнө ылайык жалаа деген кине менен үч жылга эркинен ажыратууну суранган. Мындан тышкары депутат «абийир жана арнамысыма шек келтирди» деп, граждандык тартипте «Учкун» гезитинен 5 миллион сом, макаланын авторунан 1 миллион сом талап кылууда.

XS
SM
MD
LG