Европадагы коопсуздук жана кызматташттык уюмунун отчетунда Сербияда аялдарды жана балдарды уурдоо, кыйноо жана аларга сексуалдык ыдык көрсөтүү жагдайлары кеңири баяндалат. Изилдөөнү Сербиянын Курмандыктарды изилдөө коомунун аял-окумуштуулары жүргүзгөн. Ага ылайык киши соодасына Сербиянын полициясы аралашкан учурлар катталган, ошондой эле бул жумурият Балкандагы жана Батыш Европадагы сексуалдык күңчүлүктүн транзиттик аймагы жана ири булагы болуп калган.