Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:37

ИРАКТАГЫ КАНДУУ БАРЫМТА


Нарын АЙЫП, Прага Иракта барымтага алынган түштүк кореялык ишкер 22-июнда өлтүрүлдү жана анын денеси көчөдө табылды. Аны туткунга алгандар Түштүк Кореянын өкмөтүнө кайрылып, Иракка жаңы аскер жибербөөнү жана өлкөдөгү аскерлерди чыгарып кетүүнү талап кылган. Бирок Сеул ал талапты аткаруудан баш тартты.

Иракка келген чет өлкөлүктөрдү барымтага алуу аракеттери эк-үч айдан бери күч алды. Түштүк Кореянын "Гана женерал трейдинг" аттуу компаниясы үчүн иштеген 33 жаштагы кызматкер Ким Сон-ил 17-июнда Фаллужа шаарында барымтага алынган. 20-июнда террорчулар Түштүк Корея өкмөтүнө кайрылып, 24 сааттын ичинде өзүнүн 600 аскерин өлкөдөн чыгарып кетүүнү талап кылган.

Жыйырма биринде Ким дагы тирүү экени тууралуу кабар тараган жана компаниянын жетекчилери Иракта сүйлөшүү жүргүзүп жатат деп айтылганда, туткун тирүү калышы мүмкүн деген үмүт пайда болгон. Бирок 22-июнда кечинде америкалык аскерлер Багдад менен Фаллужа шаарларынын ортосундагы жолдо анын башы кесилген денесин тапты. Ошол эле күнү Катар мамлекетиндеги "ал-Жазира" сыналгысы террорчулар аларга салып жиберген видео жазманы көрсөттү. Тизелеп турган, дагы тирүү Кимдин артында чүмбөт кийген беш адамдын бири Түштүк Корея өкмөтүнө кайрылып, Ким Сон-илдин өлүмүнө Сеул өзү күнөөлү экенин айтат: "Биз силерди эскерткенбиз, бирок силер уккан жоксуңар. Азыркы боло турган ишти силер өз колуңар менен жасап жатасыңар. Калп айтканды токтоткула. Силердин армия бул жерге Ирак элин бошотуу үчүн эмес, каргыш тийгир Америка үчүн келген".

14-июнда Сауд Арабияда барымтага алынган америкалык аскерий инженер Пол Жонсонду төрт күндөн кийин өлтүрөр алдында дагы террорчулар видео жаздырып, ал чыгарган "Апачи" аскерий тик учмалары мусулман шаарларына бомба таштаганда карапайым калк эмнени сезсе, эми америкалыктар дагы ошону сезүүгө тийиш деп айткан.

Ким Сон-илдин башы алынгандан кийин Түштүк Кореянын бир топ жараны өкмөттү күнөөлөп, туткунду бошотууга ал жетиштүү чара көргөн жок деп нааразылык билдирди. Президент Но Му-хен болсо сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, Түштүк Корея өз саясатын өзгөртөй турганын жарыялады. Мурда пландалгандай, Ирактагы азыркы адистерге кошумча дагы үч миң аскер жиберилет жана Түштүк Корея - АКШ менен Британиядан кийин Иракка эң көп аскер жиберген үчүнчү өлкөгө айланат.

Түштүк Кореянын Бириккен Улуттардагы өкүлү Ким Сэм-хундун айтымында, өлкө өз милдеттенмелеринин баарын аткарат:

- Эл аралык коомчулуктун Иракта эркин жана демократиялык коом куруу аракеттерине Корея Республикасы ишенет жана бул асыл максат үчүн алынган милдеттерин орундатат.

Үстүбүздөгү жылдын апрелинен бери Иракта жетимишке жакын чет өлкөлүк жаран барымтага алынды, алардын көбү бошотулду, кээси өлтүрүлдү жана кээ бирлеринин дайны эмгиче белгисиз. Мисал үчүн, 8-апрелде жоголгон канадалык жаран Мухаммед Рифат тууралуу эмгиче эч кабар жок. 11-апрелде туткунга алынган чехиялык үч журналист беш күндөн кийин бошотулган, 13-апрелде кармалган беш украиналык жана орусиялык адам эртеси эле боштондукка чыккан.

Ал эми 9-апрелде барымтага алынган америкалык Николас Берг 11-май күнү видеокамера алдында мууздалган. 13-апрелде туткунга түшкөн төрт италиялык жарандын бири Фабрицио Кватроччи дагы өлтүрүлгөн, калгандары болсо 8-июнда бошотулду.

XS
SM
MD
LG