Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:47

Йеменде АКШга каршы чыгып жаткан 46 козголоңчу жок кылынды


САНАА. Йемендин ырасмий маалыматына караганда, акыркы күндөрдүн ичинде АКШга кас динаятчынын 46 талапкери өлтүрүлүп, отуз беши жарадар болушту. Саба расмий кабар агенттигинин өлкөнүн ички иштер министрлигине шилтеме берип тараткан кечээги маалыматына караганда, Хусейин-ал Хоутинин тарапкерлери менен 20-июндан бери жүрүп жаткан куралдуу кагылыштарда 43 "козголоңчу" жок кылынды. Кагылыштар полиция ал-Хоутини камакка алууга аракеттенгенде тутанган. Йемендин бийлиги ал-Хоутинин шийи мусулмандарынын "Саиддер" сектасынын жана "Кудайга ишенген жаштар" деген козголоңчул уюмдун башчысы экенин божомолдойт. Бул топтор Израилдин мечиттеринде АКШга каршы козголоң чыгарышкан.

Кечки жаңылыктарды даярдаган Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары.

XS
SM
MD
LG