Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Иранда болгон автокырсыктан набыт кеткен адамдардын ким экенин аныкталууда


ТЕГЕРАН. Ирандагы автокырсыктан набыт кеткен адамдардын ким экенин аныкталууда. Кечээ Ирандын Систан-Балухистан шаарында бензин ташыган машине капилеттен барып токтоп турган автобустарды сүзүп алган. Ирандын ИРНА кабар агенттиги менен кызыл чырым уюмунун маалыматына караганда, апаат болгон жерден ушул тапка чейин 90дон ашуун адамдын сөөгү чыгарылды, бирок өлгөндөрдүн саны мындан да көп болушу ыктымал. Ирандын автожолдору дүйнөнүн эң коркунучтуу жолдорунан саналат. Өткөн беш жылдын ичинде жол апаттарынан 100 миңдей киши каза тапты.

XS
SM
MD
LG