Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:51

ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КРИЗИС ЭМНЕ ҮЧҮН КҮЧТҮҮ?


Ушул жума күнү Жогорку Кеңештин депутаттары «Энергетика жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоорду четке какты. Депутаттар мындай чечимге келээрден мурун мыйзамдын Конституцияга карама-каршы келээрин жана жалпы элди мүңкүрөтөөрүн билдиришти. Мыйзам долбоорунун четке кагылышы Кыргызстандын энергетика тармагындагы кризис дагы эле курч экендигин көрсөттү.

Мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен Энергетика боюнча агенттикти өз алдынча каржылоо максаты алдыга коюлган. Башкача айтканда, мамлекеттик бюджеттен акча алуу толук бойдон токтомок. Анын себебин вице-премьер-министр Уларбек Матеев мындай деп түшүндүрдү:

- Энергия тармагында сатылган продукциянын акчасынын 0,136 проценти агенттикке которулат. Агенттик бюджеттен каржыланбай калат. Натыйжада, агенттик энергетика тармагына жооптуу болуп, өзүн-өзү багып калат.

Вице-премьер-министрдин түшүндүрмөсү боюнча, мындай өзгөртүүдөн кийин мурда мамлекеттен жылына 3 миллион сом алып келген Энергетика боюнча агенттик 3 миллион 800 миң сомго ээ боло баштайт. Анын негизинде агенттиктин жоопкерчилиги артып, бюджетке жеңилдик болот.

Бирок депутаттар аны дароо четке кагып, мыйзам Конституцияга каршы келээрин билдиришти. Ал тууралуу Алишер Сабиров мындай деди:

- Мамлекеттик органдар бир гана мамлекеттин эсебинен каржыланышы керек. Болбосо биз жөнгө салуучу мекемени ачыктан-ачык коррупциялашкан мекемеге айландырып, башкаларга үлгү болчу коррупциянын чиймесин даярдап беребиз. Эгер буга жол берсек, мамлекеттик мекеменин бюджеттен тышкаркы белгисиз бир булактан жем жешине жол ачабыз.

Өкмөттүн бул мыйзамы энергетика тармагындагы көйгөй басаңдабай эле, бул тармактагы ишканалар алды-алдынан тал кармап, өз турмушун жакшыртууга жан далбастай баштагандай пикир жаратты. Ушундан улам депутат Ишенбай Кадырбеков абалга төмөнкүчө баа берди:

- Силердин негизги милдет –кардарлардын кызыкчылыгын сактоо. Ушул убакка чейин электр энергиясын бөлүштүрүү ишканалары менен аны колдонгон кардарлардын ортосунда келишимди түзүүнү теске сала алган жоксуңар. Канча жылдан бери типтүү жобону улам-улам алмаштырып келатасыңар. Колуңардан келбегенден кийин биз жазып берсек, ага каршы болдуңар. Деги, эл дегенди унутуп калыптырсыңар. Алардын кызыкчылыгын коргой турган жалгыз ушул Энергетика боюнча агенттик эле. Ушул башкы милдетиңерди аткарууга жарабай туруп айлыгыңарды көбөйтүүнүн булагын издөө менен алек болуп калыпсыңар, бул болбойт да! Бюджеттен берилген үч миллион сом жетпесе, төрт, беш миллион сом бөлүп берели. Бирок өз милдетиңерди аткарышыңар керек!

Палата депутаттары андан тышкары электр энергиясынын Орусия, Казакстанга арзан, ал эми кыргызстандыктарга кымбат сатылып жатканына да кайра кайрылышып, орто жерде өз чөнтөгү үчүн гана иштеген адамдарга шарт түзүп жатат деп өкмөткө кине коюшту. Ага жооп берген Уларбек Матеев баа электр энергиясын дүң сатуу менен чекене баада сатуунун айырмасынан келип чыгууда деп түшүндүрдү:

- Электр энергиясы Орусияга, Казактанга жана Өзбекстанга 500 киловольттогу электр линиясы менен экспортко кетет. 500 киловольттук линиядан кеткенде баасы 24 тыйындан ашпайт. Энергияны өз элибизге жеткириш үчүн электрди 220 киловольттук, андан кийин 110,35, анан 380 вольттук электр линиясына которобуз. Ага кеткен чыгымдардын баарын санасак, бир киловатт электр энергиясынын өздүк наркы 62 тыйындан да көп болуп кетет. Ушундан улам эл экспорттун эсебинен каржыланып жатат. Мына быйыл экспорттун көлөмү 2,2 миллиард киловатт болсо, анын 1 миллиарддан ашыгынын баасы элге субсидия катары кетет.

Анткен бул мыйзамдын сунушталышы депутаттар арасында өлкөнүн энергетика тармагындагы башкы көйгөй жоготуудан эмес, мындан эки жыл мурунку кайра түзүүнүн натуура болгондугунун белгиси деген ой жаратты. Ушундан улам депутаттардын көбү энергетика тармагын башкарууну бир колго кайра өткөрүү зарыл, өлкөнүн башкы байлыгы болгон энергетика тармагы жалпы элдин өнүгүүсү үчүн эмес, бир ууч гана адамдардын кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат деген пикирде турушат. Ал тууралуу «Коммунисттер» фракциясынын өкүлү Орозбек Дүйшеев:

- Бир жетекчилик болбосо мындан жыйынтык чыкпайт экен. Демек, энергохолдингди кайра түзүп, энергетика тармагын координациялап туруучу бир орган болуш керек деп жатабыз. Биз жүргүзгөн реформанын такыр жарабай тургандыгын турмуш өзү далилдеп жатат,- деп билдирди.

Депутаттын айтымында, президент энергетика боюнча өзүнүн атайын өкүлүн дайындап, аны тармактагы кризисти жоюуга милдеттендирген менен, майнап чыккан жери жок. Буга анын катуу чараларды көрүүгө укуксуздугу өбөлгө түзүүдө:

- Себеби, анын колунда укугу жок. Маселен, анын ишканаларды текшерип, жаман иштеп жаткан кээ бир жетекчилерди кызматтан алуу укугу болсо натыйжа чыкмак.
XS
SM
MD
LG