Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:34

Жорж Буштун Түркиядагы сапары уланууда


Бүгүн түштөн кийин президент Стамбулга келди. Эртең бул жерде НАТОнун саммити башталат. Бушту АКШнын жана альянстын саясатына нааразылык билдирген 40 миңдей демонстрант каршылап алды. Демонстранттар “Буш жоголсун!” деген маанидеги плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Бир нече тик учак саммит өтө турган жайларды күзөтүүдө. Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бардыгы болуп 23 миңге чукул полиция кызматкери тартылды.

Стамбулга чейин Буш Анкарада болуп, түрк президенти Ахмет Неждет Сезер, премьер-министр Режеп Таип Эрдоган менен жолугушту. Эрдоган бул жолугушуулар эки тарап үчүн пайдалуу болот деген үмүтүн билдирди:

- Мен президент Бушту биздин өлкөбүздө көргөнүмө абдан кубанычтамын. Бул сапар анын Түркиядагы биринчи визити болуп калды. Сүйлөшүүлөр Түркия-АКШ байланыштары жана регион үчүн пайдалуу болот деп ынанам. Мен президентке жана анын жубайына "кош келиңиздер" деп, сапарынын ийгиликтүү болушун каалайм.

Буш болсо өз кезегинде Түркияны секулярдык мусулман демократиясынын үлгүсү деп атады:

- Түркия мусулман мамлекет болуу менен бирге демократия, мыйзамдуулуктун үстөмдүгү, эркиндиктер сакталган өлкөнүн модели боло алат. Чакырууңуздар үчүн чоң ырахмат. Сиздер менен, НАТО боюнча шериктер менен сүйлөшүүлөр жемиштүү болооруна үмүттөнөм.

Сүйлөшүүлөрдө кошуна Ирактагы кырдаал да талкууланды.

Ирактын өзүндө болсо "Ал-Каида" менен байланышта турат деп шектелген топ Анкара коалиция менен кызматташкан жарандарын чыгарып кетпесе, барымтадагы түркиялык 3 кишинин көзүн тазалайбыз деп эскертти. Буга түрк коргоо министри Вежди Гөнүл Түркия террористтердин талаптарына жооп бербейт деп билдирди.

XS
SM
MD
LG