Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:53

НАТОнун саммити Иракка жана Ооганстанга колдоо көргөзүү чечимин кабыл алды


НАТО өз билдирүүсүндө Ирактын кызматына расмий түрдө кечээ киришкен өкмөтүнө колдоо көргөзөөрүн белгиледи. Саммитте болсо Иракка өлкөнүн коопсуздук жана чек ара күчтөрүн машыктырып-окутууда жардам көргөзүү чечими кабыл алынды.
Уюмга кирген өлкөлөрдүн лидерлери ошондой эле быйыыл сентябрдагы шайлоонун алдында Ооганстанда НАТОнун командачылыгы астындагы эл аралык аскерлердин санын азыркы 6,5 миңден 10 миңге көбөйтүүгө макул болду. Буга байланыштуу НАТОнун башкатчысы Яап де Хооп Схеффер кечээ буларды билдирди:

- Бүгүн өнөктөштөр ооган бийликтеринин ишине колдоо көргөзүүдө НАТОнун Ооганстандагы ролун олуттуу кеңейтүүнү жактырды. Биз жардам көргөзүүгө милдеттеме алганбыз. Биз аны аткарабыз.

Ооган президенти Хамид Карзай саммитте бүгүн сөз сүйлөөрү күтүлүүдө. НАТОнун лидерлери кечээги жыйынында ошондой эле Орусиянын өз убадасын аткарып, Грузия менен Молдовадагы аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG