Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

«Ош-3000» телерадиокомпаниясы берүүлөрүн жалпы өлкө аймагына көрсөтө баштады


ОШ. Өлкө аймагына берүүлөрдү «Ош 3000» мамлекеттик телерадио компаниясы 28-июндан баштады. Буга чейин берүүлөр түштүк облустарга гана таркатылып, кези менен КТР аркылуу сунушталып келген. Телекомпания эми РТР каналынан дүйшөмбүдөн жумага чейин күнүнө 3 ирет өз берүүлөрүн жалпы республикага көрсөтө турган болду. Компаниянын башкы директору Темирбек Токтогазиевдин маалыматы боюнча РТР каналы аркылуу 9.30 жана 12.10 башталчу 20 мүнөттүк берүүлөрдө көңүл ачаар программалары, 18.30 башталчу 20 мүнөттүк берүүдө маалымат программасы кетүүдө. Келечекте толук экинчи мамлекеттик канал макамына жетишип, берүүлөрүнүн санын жана убактысын көбөйтмөкчү. Ага аталган телерадиокомпаниянын техникалык базасы толугу менен жооп берет.

XS
SM
MD
LG