Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:10

Эки облустук кеңеш бир учурда сессия өткөрдү


КАРАКОЛ. Ысыккөл облустук кеңештин сессиясы 2004-жылдын облустук бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, Ысыккөл биосфералык аймагындагы экологиялык постторго, Ысыккөл биосфералык аймагына, Түп мамлекеттик коругун пайдалангандардан акы алуунун көлөмүн жана эрежесин бекитүүгө байланышкан маселелерди талкуулады. Сессияда шайлоо комиссиясынын төрагасын шайлоо өзгөчө талашты жаратты. Айрым депутаттар Жоомарт Барктабасовдун талапкерлигин колдошкон жок, аны мурда сот жообуна тартылган деп негиздешти. Бирок көпчүлүк добуш менен Жоомарт Барктабасов комиссиянын төрагасы болуп шайланды. Ал эми Ысыккөл биосфералык аймагынын экологиялык посттору тууралуу депутаттар бир пикирге келе алышкан жок.
НАРЫН. Нарын облустук кеңешинин сессиясында депутаттар Миңкуш шаарчасын өнүктүрүү программасынын аткарылышын, Нарын жана Атбашы райондорунун аймагындагы жайлоолордон алтын кендерин казып алуунун ал-абалын, облус аймагындагы шарп ылаңына байланышкан кырдаалды, облустук шайлоо комиссиясынын жаңы курамын жана башка маселелерди талкуулашты. Миңкуш шаарчасын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасы да каралды. Сессияда берилген маалыматка караганда, шаарчага республикалык бюджеттен берилүүчү 1 млн. 381 миң сом, инвестициялык фонддон 650 миң, «Чыгыш электр» ишканасынан 309 миң сом өткөн жылда берилбей калган. Миңкушта 14 адам рактын өтүшкөн түрү менен ооруп, 17 адам кургак учук диспансеринин каттосунда турат. Уран калдыктарын сактоочу жайларынын бир катар бөлүктөрү урап, бузула баштады. Натыйжада гамма нур алуусунун өлчөмү айрым жерлерде 1500 микрорентген саатка чейин көтөрүлүүдө.

XS
SM
MD
LG