Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:43

Жарандык коом сот реформасынын оош-кыйыштарын талкуулады


БИШКЕК. Кыргызстандагы сот реформасынын негизги багыттары жана деңгээли бүгүн юристтердин, бейөкмөт уюмдардын, соттордун катышуусунда өткөн семинарда талкууланды. Аны АКШнын мамлекеттик департаменти колдогон программанын алкагында «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы уюштурду.

«Сот-укуктук реформа боюнча жарандык топ» деп аталган бул программа 2004-жылдын апрелинде ишке кирген. Ал Кыргызстандын аймагындагы соттук териштирүүлөргө иликтөө жүргүзөт, сот кызматына талапкерлер тууралуу маалыматтардын топтомун түзөт. Бул программа соттук-укуктук реформа багытында элдин пикирин калыптоо, бейөкмөт уюмдардын мүмкүнчүлүгүн чыңдоо, сот кызматына талапкерлерге коомдук баа берүү жана аларды тандоого көзөмөл жүргүзүү максатын көздөйт.

XS
SM
MD
LG