Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

ИРАКТЫН АКШдагы ЖАҢЫ ЭЛЧИСИ АР-РАХИМ АЙЫМ КОЗГОГОН КӨЙГӨЙЛӨР


Ирактын АКШдагы элчиси болуп дайындалган Ренд ар-Рахим айым үстүбүздөгү жумада Вашингтондо Америка коомчулугунун өкүлдөрү менен кездешти. Элчи Америка бейөкмөт ишкерлери институтунда өткөн жолугушууда эгемен Ирактын жаңы өкмөтү алдындагы милдеттер, өлкөнүн коопсуздугу жана келечеги тууралуу кеңири ой бөлүштү.

Ренд ар-Рахим сөзүн Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши он беш жыл чамалуу Ирак боюнча катаал токтомдорду удаа-удаа кабыл алып, Саддам Хусейндин өкмөтүн “шерменде” кылгандыктан, өлкөнүн үнү эл аралык коомчулукта угулбай калганынан баштады.

Күнкорсуз Ирактын премьер-министри Аяд Алави жетектектеген жаңы өкмөтүнүн негизги максаты азыр,- деп улады сөзүн ар-Рахим, - террорчуларды талкалоо жана тынчтыкты орнотуу:

- Кандайдыр бир деңгээлде, Ирак терроризмдин акыркы чеби болуп калды. Иракта мындай болгону өкүндүрөт. Лекин, мен бу жерде терроризм жеңилет деп ойлойм. Биз ошондуктан бардык кубатыбызды ага каршы жумашообуз керек.

Элчи айымдын айтышынча, козголоңчулар убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн болушунча көп өлтүрүп, өткөөл өкмөттүн ишин токтотууну көздөйт:

-Адаватчылар коалицияга каршы эмес. Алар ирактыктарга каршы. Болбосо эмне үчүн бийликтин өткөрүп берүүнү токтоткулары келди?

Ар-Рахим бийликти АКШ башындагы коалициялык администрациядан өткөрүп алган Ирак жетекчилиги алдында элдин ишенимине кирүү сындуу өтө үлкөн вазийпа турганын, демократия жана тынчтык үчүн күрөшүү, жаңы тартипке жаамы журтту үйрөтүү зарыл экенин, бул иш жеке өкмөттүн эмес, ар бир жарандын да парзы экенин кошумчалады:

-Биз террорчулукка, зобун-зордукка каршы согушта жеңүүнү, коопсуздукту көзөмөлгө алып, өлкөдө тынчтык орнотууну каалайбыз. Бул талапты биз эстен чыгарбай аткарышыбыз лаазим. Ага Кудай өзү уруксат бербейт. Себеби ага шайлоо эле эмес, башка да чоң иштердин “башы сайылган”.

Ренд ар-Рахим айым учурдан пайдаланып, АКШ башындагы коалициялык бийликти да сындап алды. Алардын өлкөдө стабилдикти камсыздоого кошкон салымын белгилөө менен, коалициялык бийлик 2003-жылдын апрелинде - Саддамдын өкмөтү кулатылгандан кийин - өлкө боюнча коменданттык саат киргизип, аскерий кырдаал абалын жарыяласа, Ирактагы жагдай азыркыдан бир кыйла жакшы болмок деген оюн айтты ар-Рахим. Ал эми Ирактын күнкорсуздугу тууралуу:

- Ирак ирактыктардыкы болушу шарт, эгемен болуш керек жана анын күнкорсуздугу биздин кызыкчылыгыбызга таянганы жөндүү.

Ирактын АКШдагы элчиси болуп дайындалган Ренд ар-Рахим ана-мына башталат деп күтүлүп жаткан Саддамдын соту Ирактын саясый аброюн көтөрүү үчүн маанилүү экенин белгилей кетти.

Саддам 1988-жылы күрттөргө каршы химиялык куралдарды пайдаланды, 1990-жылы Кувейтке басып кирди жана 1980-88-жылдардагы Ирак - Иран согушу үчүн жооптуу деп айыпталаары күтүлүүдө. Былтыр киндик каны тамган Тикрит шаарында америкалык аскерлер туткунга алган Саддамды Ирактын аскерий трибуналы соттойт.

XS
SM
MD
LG