Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:14

МААЛЫМАТ ӨКҮЛҮ ИНСТИТУТУ ТҮЗҮЛДҮ


Кыргызстанда массалык маалымат каражаттарын жана журналисттердин укугун коргоочу дагы бир долбоор ишке кирди. Медиа өкүлү институту деп аталган долбоордун дагы бир максаты - массалык маалымат каражаттары боюнча мыйзамдарды өнүктүрүү жана реформалоо болуп саналат. Институт «Интерньюс» эл аралык уюму, ЮСАИД жана Европа комиссиясынын өкүлчүлүгү тарабынан түзүлгөн. Жаңы түзүлгөн медиа өкүлү институту боюнча бүгүн Бишкекте маалымат жыйыны өткөрүлүп, анын ишмердүүлүгү тууралуу сөз болду.

Маалымат өкүлү институту өз ишин «Кыргыз руху» жана «Учкун» басылмаларынын журналисттеринин кайрылууларын кароо менен баштады. Ошондой эле аталган институтка Талас облусунан журналист Козубек Иманкулов укугун коргоп берүүсүн өтүнүп кайрылган.

Маалымат өкүлү институтунун жетекчиси Шамарал Майчиевдин айтымында, институтка жалаң эле ММКнын өкүлдөрү эмес, карапайым атуулдар да маалымат каражаттарына байланыштуу суроолор менен жардам сурап кайрыла алышат. Долбоор бир жыл бою Европалык комиссия тарабынан каржыланып, анда иштеген юристтер бул убакыттын ичинде кайрылган атуулдарга жана журналисттерге акысыз жардам көрсөтүшөт.

- Бир жыл ичинде бизге кайрылышкан журналисттерге жана башка атуулдарга акысыз жардам көрсөтүлөт. Эгерде медиа өкүлдөрүнүн институту ушул убакта өзүн керектүү уюм катары көрсөтө алса, анда кийинки жылдары көрсөтүлгөн кызмат үчүн белгилүү бир өлчөмдө акы алынып, институт андан ары иштей берет,-деди Шамарал Майчиев.

Ал эми «Журналисттер» коомдук уюмунун жетекчиси Кубан Мамбеталиевдин сөзү боюнча, Кыргызстан - журналисттердин укугу көп бузулган өлкөлөрдүн катарына кирет. Ошондуктан мындай институттун түзүлүшү абдан зарыл болуп турган. Анткени маалымат өкүлчүлүгү ММКнын кызыкчылыгын коргогон мыйзамдарды өкмөткө, парламентке жана башка мамлекеттик бийлик органдарына сунуштай алат:

- Ушул жаңы түзүлгөн медиа өкүлчүлүк аркылуу кийинки жылы шайлануучу парламентке массалык маалымат каражаттары жөнүндө мыйзамдардын долбоорун даярдап коюшубуз керек. Эң негизгиси - сотко арыз жазгандар үчүн 5% мамлекеттик пошлина киргизүү, Кылмыш кодексиндеги 127-128-беренелерди өзгөртүү, мамлекеттик деңгээлдеги белгилүү адамдардын сотко кайрылуусу тууралуу жана моралдык чыгымды баалоо боюнча мыйзам долбоорлорун маалымат өкүлү институту аркылуу демилге катары киргизе алабыз.

Кыргызстанда массалык маалымат каражаттары мамлекеттик чиновниктер же кандайдыр бир ишканалар тарабынан сотко берилип, дээрлик бардык учурда журналисттердин утулуусу менен аяктайт. Муну - ошол эле бийлик адамдары, айрым эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү маалымат кызматкерлеринин сабатсыздыгынан көргөн учурлар да аз эмес. Бул тууралуу «Журналисттер» коомдук уюмунун жетекчиси Кубан Мамбеталиев мындай дейт:

- Мыйзам тарабынан тыюу болбогондуктан, доо арыздар көбөйүп атат. Көбүнчө чиновниктер соттошуп утуп атпайбы журналисттерди. Миллион, беш миллиондоп утуп атышат. Ал эми журналисттерди «мыйзамды билбейсиңер, профессионалдык деңгээлде иштей албайсыңар» деп күнөөлөп жатышат. Бул туура эмес. Профессионалдык деңгээл -такыр башка түшүнүк. Анда журналисттердин баары эч кимди сындабай, профессионалдык деңгээлибизди «жогорулаталы».

Маалымат каражаттарын же журналисттерди доого жыккан учурда ар-намыстын баасы миллиондогон сомго бааланат. Ошол эле мезгилде милдетин өтөп жатып же кызмат убагында каза тапкан жоокерлердин жана башка кесиптеги адамдардын өмүрү үчүн үй-бүлөсүнө компенсация түрүндө 20 000 сомдун айланасында гана жардам берилет. "Моралдык чыгымды адам өмүрүнөн жогору коюу мүмкүн эмес" дейт маалымат өкүлү институтунун жетекчиси Шамарал Майчиев.

Айрым журналисттердин пикирлери боюнча, келе жаткан шайлоо мезгилинде ММК менен соттошуулар күчөшү мүмкүн. Ошондуктан Медиа өкүлү институту өз учурунда түзүлгөн уюм катары журналисттер тарабынан жакшы кабыл алынды. «Ош ТВ» телекомпаниясынын жетекчиси Халил Кудайбердиевдин пикири:

- Азыркы мезгилде өз укугун коргоого журналисттердин материалдык жактан күчү жетпейт. Ал эми алардын оппоненттери тескерисинче, каражат жагынан эч кимге көз карандысыз ишканалар же чиновниктер болот. Ошондуктан көп учурда соттошуулар журналисттердин утулуусу же массалык маалымат каражаттарынын жабылуусу менен аяктайт. Менин оюмча, медиа өкүлү институту биздин кесиптештер үчүн эң керектүү уюм.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG